бөлүм Фажр - الفجر

1 وَالْفَجْرِ

Таңга ант!

2 وَلَيَالٍ عَشْرٍ

Он түнгө ант!

a. Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, же Рамазан айынын акыркы он түнү. Тафсир Ал-Байзавий.

3 وَالشَّفْعِ وَالْوَتْرِ

Жуп менен такка ант!

4 وَاللَّيْلِ إِذَا يَسْرِ

Жана да өтүп жаткан түнгө ант!

5 هَلْ فِي ذَلِكَ قَسَمٌ لِذِي حِجْرٍ

Чын эле ушул айтылган анттар акыл ээлерине жетишсизби?!

6 أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ

Ырас эле Сенин Эгең Аад коомун эмне кылганын көрбөйсүңбү?!

7 إِرَمَ ذَاتِ الْعِمَادِ

Бекем түркүктүү Ирам шаарын,

a. “Ирам” жөнүн чечмелөөчүлөр кайчы пикирлерди айтып. Бирөөлөрү шаардын аты дешсе, айрымдары Аал коомунун урууларынын бири дешкен. Тафсир Ал-Табарий.

8 الَّتِي لَمْ يُخْلَقْ مِثْلُهَا فِي الْبِلَادِ

Андай (шаар) эч бир элде курулган эмес эле.

9 وَثَمُودَ الَّذِينَ جَابُوا الصَّخْرَ بِالْوَادِ

Таштарды оюп кесип, бир өрөөнгө (турак жай салган) жайгашкан Самуд элин,

10 وَفِرْعَوْنَ ذِي الْأَوْتَادِ

жана көп казык ээси болгон Фараонду,

11 الَّذِينَ طَغَوْا فِي الْبِلَادِ

Алар өз шаарларында чектен ашкан эле.

12 فَأَكْثَرُوا فِيهَا الْفَسَادَ

Шаарларында бузукулукту өтө көп кылышкан эле,

13 فَصَبَّ عَلَيْهِمْ رَبُّكَ سَوْطَ عَذَابٍ

Ошондо сенин Эгең аларга түрдүү азаптарды жаадырган.

a. Аад коомун шамал, Самуд коомун ачуу кыйкырык, Фараон жана анын аскерлерин суу жалмады. Сафват-Ал-Тафаасир.

14 إِنَّ رَبَّكَ لَبِالْمِرْصَادِ

Акыйкатта сенин Эгең көз салат.

a. Өз пенделеринин эмне кылгандарына.

15 فَأَمَّا الْإِنْسَانُ إِذَا مَا ابْتَلَاهُ رَبُّهُ فَأَكْرَمَهُ وَنَعَّمَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَكْرَمَنِ

Эгең Өз пендесин сынап, ага ийгилик-жакшылыктар бергенде, ал: “Эгем мени ардактап, сыйлады”, – дейт.

16 وَأَمَّا إِذَا مَا ابْتَلَاهُ فَقَدَرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَهَانَنِ

А, аны сынап, ырыскысын өлчөп койсо, ал: “Эгем мени кордоду”, – дейт.

17 كَلَّا بَلْ لَا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ

Оо, жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар,

18 وَلَا تَحَاضُّونَ عَلَى طَعَامِ الْمِسْكِينِ

жардыларга даам берүүгө үгүттөбөйсүңөр.

19 وَتَأْكُلُونَ التُّرَاثَ أَكْلًا لَمًّا

мураска калган мүлктөрдү сугунуп жеп-жалап жатасыңар.

20 وَتُحِبُّونَ الْمَالَ حُبًّا جَمًّا

байлыкты абдан эле жакшы көрөсүңөр.