бөлүм Абаса - عبس

21 ثُمَّ أَمَاتَهُ فَأَقْبَرَهُ

Анан аны өлтүрүп, мүрзөгө көмөт.

a. Өлгөн соң мүрзөгө койулат.

22 ثُمَّ إِذَا شَاءَ أَنْشَرَهُ

Андан соң Өзү каалаган учурда аны тирилтет.

23 كَلَّا لَمَّا يَقْضِ مَا أَمَرَهُ

Чынында, ал болсо Анын буйруган нерселерин аткарбады.

a. инсан

24 فَلْيَنْظُرِ الْإِنْسَانُ إِلَى طَعَامِهِ

Инсан өзүнүн жеп жаткан тамагына карап көрсүнчү?!

25 أَنَّا صَبَبْنَا الْمَاءَ صَبًّا

Биз нөшөрлөгөн жаан куйабыз.

26 ثُمَّ شَقَقْنَا الْأَرْضَ شَقًّا

Анан жерди көптүрүп, жарабыз.

27 فَأَنْبَتْنَا فِيهَا حَبًّا

Анан анын үстүнө уруктарды өстүрөбүз,

28 وَعِنَبًا وَقَضْبًا

жүзүмдөрдү жана жашылча жемиштерди

29 وَزَيْتُونًا وَنَخْلًا

жана зайтун менен курма дарагын,

30 وَحَدَائِقَ غُلْبًا

жыш бактарды,

31 وَفَاكِهَةً وَأَبًّا

жемиштерди жана жайыттарды,

32 مَتَاعًا لَكُمْ وَلِأَنْعَامِكُمْ

Силер жана силердин малыңар пайдалансын үчүн.

33 فَإِذَا جَاءَتِ الصَّاخَّةُ

Кулак жарган үнү угулуп, жаңырганда.

a. сурнайдын

34 يَوْمَ يَفِرُّ الْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ

Мына ошол Күнү инсан өз бир тууганынан (таштап) качат.

35 وَأُمِّهِ وَأَبِيهِ

Өз энесинен жана өз атасынан (качат).

36 وَصَاحِبَتِهِ وَبَنِيهِ

Өзүнүн жарынан жана балдарынан (качат).

37 لِكُلِّ امْرِئٍ مِنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ

Бул күнү алардын ар биринин өз түйшүгү жетиштүү болот.

38 وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ مُسْفِرَةٌ

Ал Күнү жүздөр албырып тамылжыйт,

39 ضَاحِكَةٌ مُسْتَبْشِرَةٌ

күлө багып, кубанышкан.

40 وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ عَلَيْهَا غَبَرَةٌ

Ошол күнү бир жүздөрдү чаң баскан.