бөлүм Абаса - عبس

1 عَبَسَ وَتَوَلَّى

Ал кабагын бүркөп ары бурулду,

a. пайгамбар

2 أَنْ جَاءَهُ الْأَعْمَى

Сокур киши келип калганы үчүн.

a. Абдулла ибн Умм Мактум.

3 وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّهُ يَزَّكَّى

Ал мүмкүн (күнөөдөн) тазаланууну каалаганын сен кайдан билээр элең?

4 أَوْ يَذَّكَّرُ فَتَنْفَعَهُ الذِّكْرَى

Анан ошол эскерме ага пайда берээр.

5 أَمَّا مَنِ اسْتَغْنَى

Ал эми (өз байлыгы менен маашырлана) текеберденген адам,

6 فَأَنْتَ لَهُ تَصَدَّى

Сен ага (көңүл буруп) кабылдайсың.

7 وَمَا عَلَيْكَ أَلَّا يَزَّكَّى

(Анын) тазаланбоосу сага зыйаны жок.

a. насаат укпай койуусу

8 وَأَمَّا مَنْ جَاءَكَ يَسْعَى

Ал сага (чын ыклас менен) умтулуп келгенге

9 وَهُوَ يَخْشَى

Ал (Аллахтан) коркуп турат.

10 فَأَنْتَ عَنْهُ تَلَهَّى

А сен ага көңүл бурбай алаксыйсың.

11 كَلَّا إِنَّهَا تَذْكِرَةٌ

О жок! Акыйкатта, ал эскертме.

a. Куран

12 فَمَنْ شَاءَ ذَكَرَهُ

Ким кааласа эстейт аны.

13 فِي صُحُفٍ مُكَرَّمَةٍ

(Ал) ыйык барактарда,

14 مَرْفُوعَةٍ مُطَهَّرَةٍ

Көтөрүлгөн жана таптаза

15 بِأَيْدِي سَفَرَةٍ

Элчи (периштелердин) колунда,

16 كِرَامٍ بَرَرَةٍ

(Алар) ардактуу (жана) такыба.

17 قُتِلَ الْإِنْسَانُ مَا أَكْفَرَهُ

Инсан каргышка калсын. Оо, каапырлыгы шумдуктай.

18 مِنْ أَيِّ شَيْءٍ خَلَقَهُ

Ал (Аллах) аны кандай нерседен жаратты?

19 مِنْ نُطْفَةٍ خَلَقَهُ فَقَدَّرَهُ

Аны тамчы уруктан жараткан, анан келбет берип, (дене мүчөлөрүн) ченеп койгон.

20 ثُمَّ السَّبِيلَ يَسَّرَهُ

Анан анын (чыгуу) жолун жеңил кылган.