бөлүм Набаа - النبأ

1 عَمَّ يَتَسَاءَلُونَ

Алар бири-биринен эмне жөнүндө сурашат?

2 عَنِ النَّبَإِ الْعَظِيمِ

Улуу кабар жөнүндө...

a. Сурашат.

3 الَّذِي هُمْ فِيهِ مُخْتَلِفُونَ

Алар ал тууралуу түрдүү талаш-тартышта.

4 كَلَّا سَيَعْلَمُونَ

Оо жок! Алар жакында билишет.

5 ثُمَّ كَلَّا سَيَعْلَمُونَ

Дагы да бир ирет,жок! Алар жакында билишет!

6 أَلَمْ نَجْعَلِ الْأَرْضَ مِهَادًا

Биз жерди төшөп койдук.

7 وَالْجِبَالَ أَوْتَادًا

Тоолорду казык кылдык.

8 وَخَلَقْنَاكُمْ أَزْوَاجًا

Силерди жуп кылып жараттык.

9 وَجَعَلْنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا

Уйкуңарды эс алуу үчүн жасадык.

10 وَجَعَلْنَا اللَّيْلَ لِبَاسًا

Түндү жамынчы кылдык.

11 وَجَعَلْنَا النَّهَارَ مَعَاشًا

Тиричилик үчүн күндүздү жараттык.

12 وَبَنَيْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعًا شِدَادًا

Силердин үстүңөргө жети кабат бекем асманды куруп койдук.

13 وَجَعَلْنَا سِرَاجًا وَهَّاجًا

Жаркыраган чырак жасадык.

a. Күндү (Тафсир Ал-Жалалайн).

14 وَأَنْزَلْنَا مِنَ الْمُعْصِرَاتِ مَاءً ثَجَّاجًا

Булуттардан нөшөрлөгөн жаан жаадырдык,

15 لِنُخْرِجَ بِهِ حَبًّا وَنَبَاتًا

дан, өсүмдүктөрдү чыгаруубуз үчүн,

16 وَجَنَّاتٍ أَلْفَافًا

чырмалышкан дарактарды да (өстүрүү үчүн).

17 إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ كَانَ مِيقَاتًا

Акыйкатта ажыратуучу күн белгиленген убакыт эле.

a. Ак – караны, жаман – жакшыны ажыратуучу (Тафсир Ал-Насафий)

18 يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ فَتَأْتُونَ أَفْوَاجًا

Сурнай тартылган күнү силер топ-топ болуп келесиңер.

19 وَفُتِحَتِ السَّمَاءُ فَكَانَتْ أَبْوَابًا

Ошондо (асман) ачылып, каалгаларга айланат.

20 وَسُيِّرَتِ الْجِبَالُ فَكَانَتْ سَرَابًا

Тоолор ордунан жылдырылып закым болот.

a. Күн ысып турган учурдагы көзгө байкала турган дай болуп леп-леп соккон абанын толкуну