21 إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا
Акыйкатта тозок көз тутуучу болот.
21 إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا
Акыйкатта тозок көз тутуучу болот.
22 لِلطَّاغِينَ مَآبًا
(Ал) чектен ашкандар үчүн бара турган жай.
23 لَابِثِينَ فِيهَا أَحْقَابًا
Алар анда түбөлүккө калышат.
24 لَا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرْدًا وَلَا شَرَابًا
Алар анда салкынды да, эч кандай суусундук да тата алышпайт,
25 إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا
кайнаган ысык суу менен ириңден башка.
26 جَزَاءً وِفَاقًا
(Бул алар үчүн) татыктуу жаза.
27 إِنَّهُمْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ حِسَابًا
Акыйкатта алар эсеп-кысапты күтүшкөн эмес эле.
28 وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كِذَّابًا
Биздин айаттарыбызды чындап жалганга чыгарышкан.
29 وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ كِتَابًا
Биз баарысын эсептеп, жазып койгонбуз.
30 فَذُوقُوا فَلَنْ نَزِيدَكُمْ إِلَّا عَذَابًا
Таткыла! Биз силерге тозоктогу азапты улам күчөтө беребиз.
31 إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ مَفَازًا
Албетте, такыбалар үчүн ийгилик орун,
32 حَدَائِقَ وَأَعْنَابًا
Бак-дарактар жана жүзүмзарлар,
33 وَكَوَاعِبَ أَتْرَابًا
Бирдей курактагы үр кыздар,
a. Хур-Бейиш кыздары
34 وَكَأْسًا دِهَاقًا
Жана да толтура идиштер (бар).
35 لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا كِذَّابًا
Алар анда пайдасыз жана жалган сөздөрдү угушпайт.
36 جَزَاءً مِنْ رَبِّكَ عَطَاءً حِسَابًا
Бул сенин Эгең тарабынан аларга берилген мол сыйлык.
37 رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا الرَّحْمَنِ لَا يَمْلِكُونَ مِنْهُ خِطَابًا
Асман менен Жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Эгеси,Мээримдүү. Ошондо алар Ага кайрылып сүйлөй алышпайт.
a. Аллах Таалага.
38 يَوْمَ يَقُومُ الرُّوحُ وَالْمَلَائِكَةُ صَفًّا لَا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَنُ وَقَالَ صَوَابًا
Ошол күндө Рух жана (башка) периштелер топ-тобу менен тизилип турушат жана Мээримдүү тарабынан уруксат берилген гана сүйлөй алат, ошондо да чындыкты гана айта алат.
a. Жебреил(а.с.). b. Аллах Таала
39 ذَلِكَ الْيَوْمُ الْحَقُّ فَمَنْ شَاءَ اتَّخَذَ إِلَى رَبِّهِ مَآبًا
Бул – чындык Күн. Ким кааласа, Эгесине, бара турган ордуна кайтат.
40 إِنَّا أَنْذَرْنَاكُمْ عَذَابًا قَرِيبًا يَوْمَ يَنْظُرُ الْمَرْءُ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ وَيَقُولُ الْكَافِرُ يَا لَيْتَنِي كُنْتُ تُرَابًا
Акыйкатта Биз силерди жакында болуучу азаптар тууралуу эскерткенбиз! Ошол Күнү ар бир адам өз колу менен жасаганын көрөт. Ал эми каапыр: «Аттиң, топурак болуп кетсемчи!»- деп айтат.