бөлүм Хашр - الحجر

21 لَوْ أَنْزَلْنَا هَذَا الْقُرْآنَ عَلَى جَبَلٍ لَرَأَيْتَهُ خَاشِعًا مُتَصَدِّعًا مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ وَتِلْكَ الْأَمْثَالُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

Эгерде Биз бул Куранды бир тоого түшүрсөк, анда сен ал тоонун баш ийген (абалда), Алладан коркконунан жарылып кеткенин көрөт элең. Буларды адамдарга мисал келтирип жатабыз. Мүмкүн алар ойлонушаар.

22 هُوَ اللَّهُ الَّذِي لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ هُوَ الرَّحْمَنُ الرَّحِيمُ

Ал – Алла! Андан башка кудай жок. Ал жашыруунду да, ашкерени да Билүүчү. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу!

23 هُوَ اللَّهُ الَّذِي لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْمَلِكُ الْقُدُّوسُ السَّلَامُ الْمُؤْمِنُ الْمُهَيْمِنُ الْعَزِيزُ الْجَبَّارُ الْمُتَكَبِّرُ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Ал – Алла! Андан башка эч кудай жок, (Ал) Падыша, Эң Ыйык, Тынчтык ээси, Амандык ыроолоочу, Көзөмөлдөөчү, /стөмдүк Кылуучу. Алар шерик кылган нерселерден Алла аруу (таза)!

a. Элчилерине керемет берип, аларды тастыктоочу. b. Пенделерине көзөмөл жасап, алардын кылган амалдарына күбө болуу. c. Аллага эч ким тең келе албайт. Ал баарынан Улук, баарынан Чоң.

24 هُوَ اللَّهُ الْخَالِقُ الْبَارِئُ الْمُصَوِّرُ لَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى يُسَبِّحُ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Ал Алла, Жаратуучу, Түзүүчү, Келбет берүүчү. Ал көркөм аттарга ээ. Аны асмандар менен Жердегилердин баары аруулап, даңазалайт. Ал – Ызааттуу, Даанышман!