1 سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Алланы асмандар менен жерде болгондордун баары даңктайт. Ал Ызааттуу , Даанышман.
1 سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Алланы асмандар менен жерде болгондордун баары даңктайт. Ал Ызааттуу , Даанышман.
2 هُوَ الَّذِي أَخْرَجَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مِنْ دِيَارِهِمْ لِأَوَّلِ الْحَشْرِ مَا ظَنَنْتُمْ أَنْ يَخْرُجُوا وَظَنُّوا أَنَّهُمْ مَانِعَتُهُمْ حُصُونُهُمْ مِنَ اللَّهِ فَأَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ حَيْثُ لَمْ يَحْتَسِبُوا وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ الرُّعْبَ يُخْرِبُونَ بُيُوتَهُمْ بِأَيْدِيهِمْ وَأَيْدِي الْمُؤْمِنِينَ فَاعْتَبِرُوا يَا أُولِي الْأَبْصَارِ
Ал китеп ээлери болгон каапырларды алардын турак жайларынан биринчи жолку жыйында эле алып чыккандын дал Өзү (Алла). Силер алар чыгып кетет экен деп ойлогон эмес элеңер, а алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алла (Алланын азабы) болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла!
a. Мусулмандарга чыккынчылык кылган Бану Надр аттуу, иудейлер уруусу жөнүндө сөз болууда. b. Мусулман аскерлеринин биринчи жолку топтолуп-чогулушунда. c. Момун мусулмандар.
3 وَلَوْلَا أَنْ كَتَبَ اللَّهُ عَلَيْهِمُ الْجَلَاءَ لَعَذَّبَهُمْ فِي الدُّنْيَا وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابُ النَّارِ
Эгерде Алла аларга мекенди таштап кетүүнү жазбаганда, аларды бул дүйнөдө жазалаар эле. Алар үчүн акыретте оттун азабы (бар).
a. Бану Курайза уруусуна. b. Тагдырда
4 ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ شَاقُّوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَمَنْ يُشَاقِّ اللَّهَ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Мына ушул алардын Аллага жана Анын Элчисине кылган каршылыктары үчүн, кимде-ким Аллага каршы чыкса, акыйкатта Алланын азабы катаал.
5 مَا قَطَعْتُمْ مِنْ لِينَةٍ أَوْ تَرَكْتُمُوهَا قَائِمَةً عَلَى أُصُولِهَا فَبِإِذْنِ اللَّهِ وَلِيُخْزِيَ الْفَاسِقِينَ
Силер курма дарагын кесип салдыңар, же аны өз тамырында калтырдыңарбы, ал – бузукуларды мыскылдоо үчүн Алланын буйругу менен болгон (иштер).
a. Лина
6 وَمَا أَفَاءَ اللَّهُ عَلَى رَسُولِهِ مِنْهُمْ فَمَا أَوْجَفْتُمْ عَلَيْهِ مِنْ خَيْلٍ وَلَا رِكَابٍ وَلَكِنَّ اللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Жана да Алла алардан Өзүнүн элчисине олжо берди, ал олжого силер ат да, төө да минип барган жоксуңар. Бирок, Алла кааласа Өз элчисин кимдин үстүнө (болсо да) үстөм кылып койот. Алла бардык нерселерге кудуреттүү.
a. Бану Назиир уруусу. b. Бани Курайзанын сепилин алууда аттар да, төөлөр да пайдаланылган эмес.
7 مَا أَفَاءَ اللَّهُ عَلَى رَسُولِهِ مِنْ أَهْلِ الْقُرَى فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانْتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Алла Өз элчисине айланадагы калаалардан берген нерселер: ал – Аллага, Анын элчисине, пайгамбардын жакын туугандарына, жетимдерге, жарды-жакырларга жана жолоочуларга гана таандык; мунун себеби, силердин араңардагы байлардын гана колунда болуп калбашы үчүн. Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла; ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла; Алладан корккула. Албетте, Алла жазалоодо – катаал.
a. Кедейлер, алсыздар кур калбастыгы үчүн.
8 لِلْفُقَرَاءِ الْمُهَاجِرِينَ الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَأَمْوَالِهِمْ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانًا وَيَنْصُرُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَئِكَ هُمُ الصَّادِقُونَ
Жана да кедейлерге, жер которгондорго; алар Алланын ырайымын жана ыраазылыгын издешет, өз жерлеринен, малы-мүлкүнөн ажыраган жана алар Алла менен Анын элчисине жардамдашышат. Мына ушулар чынчылдар.
a. Меккеден Мединага көчүп келген алгачкы мусулмандарга. b. Алланын дини үчүн күрөш жүргүзүшүп.
9 وَالَّذِينَ تَبَوَّءُوا الدَّارَ وَالْإِيمَانَ مِنْ قَبْلِهِمْ يُحِبُّونَ مَنْ هَاجَرَ إِلَيْهِمْ وَلَا يَجِدُونَ فِي صُدُورِهِمْ حَاجَةً مِمَّا أُوتُوا وَيُؤْثِرُونَ عَلَى أَنْفُسِهِمْ وَلَوْ كَانَ بِهِمْ خَصَاصَةٌ وَمَنْ يُوقَ شُحَّ نَفْسِهِ فَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Жер которгондор келгенге чейин орун дайардашып, ыйманын бекем кармап, көчүп келгендерди сүйүшөт. Аларга берилген нерселер үчүн жүрөктөрүндө бир да кызганыч табышпайт. Жана өздөрүнө караганда өзгөлөрдү жогору койушат, өздөрүндө жетишсиздик болуп турса да. Ким өз напсисин сараңдыктан сактаса, алар аныгында кутулуучулар.
a. Ийгиликке жеткендер.
10 وَالَّذِينَ جَاءُوا مِنْ بَعْدِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Алардан кийин келгендер мындай дешет: “Эгебиз, бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба. Эгебиз, Сен албетте Мээримдүү, Боорукерсиң”.
11 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ نَافَقُوا يَقُولُونَ لِإِخْوَانِهِمُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَئِنْ أُخْرِجْتُمْ لَنَخْرُجَنَّ مَعَكُمْ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمْ أَحَدًا أَبَدًا وَإِنْ قُوتِلْتُمْ لَنَنْصُرَنَّكُمْ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
Көрбөйсүңбү эки жүздүүлөрдү. Алар китеп ээлеринен болгон каапыр туугандарына: “Эгер силер куулуп чыгарылсаңар, анда биз да силер менен бирге чыгабыз жана силер үчүн эч кимдин буйругуна баш ийбейбиз. Эгер силерге каршы согуш болсо, анда биз силерге сөзсүз жардам беребиз”, – дешти. Бирок, Алла алардын анык жалганчы экендигине күбөлүк берет.
a. Эй, Мухаммед!
12 لَئِنْ أُخْرِجُوا لَا يَخْرُجُونَ مَعَهُمْ وَلَئِنْ قُوتِلُوا لَا يَنْصُرُونَهُمْ وَلَئِنْ نَصَرُوهُمْ لَيُوَلُّنَّ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ
Эгер алар куулуп чыгарылса, анда тигилер алар менен бирге чыгышпайт. Эгер аларга согуш ачылса, алар тигилерге жардам беришпейт, а эгер жардам беришсе, анда артын көздөй качып жөнөшөт. Анан эч жардам берилбейт.
13 لَأَنْتُمْ أَشَدُّ رَهْبَةً فِي صُدُورِهِمْ مِنَ اللَّهِ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ
Алардын жүрөктөрүндө Аллага караганда силерден коркуу көбүрөөк. Анткени, алар түшүнбөй турган коом.
14 لَا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرًى مُحَصَّنَةٍ أَوْ مِنْ وَرَاءِ جُدُرٍ بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ
Алар биргелешип алып силер менен согуша алышпайт. Согушса да курчалган коргондун ичинен же дубалдын артынан гана. Алардын ортосунда айыгышкан душмандык (бар). Сен алар ынтымакта экен деп ойлойсуң. А алардын жүрөктөрү ар башка. Себеби алар акыл калчабаган коом.
a. Жашынып алып. b. Эл.
15 كَمَثَلِ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ قَرِيبًا ذَاقُوا وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Өздөрүнөн бир аз мурдараак өтүп кеткен коом сыйактуу эле, алар кылган иштеринин азабын тартышты. Аларга катуу азап бар.
16 كَمَثَلِ الشَّيْطَانِ إِذْ قَالَ لِلْإِنْسَانِ اكْفُرْ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّي بَرِيءٌ مِنْكَ إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ رَبَّ الْعَالَمِينَ
Шайтан сыйактуу. Себеби ал инсанга: “Каапыр бол!” - дейт. Каапыр болгон соң, ал: “Мен сенден алысмын. Мен ааламдардын Эгеси болгон Алладан коркомун” – дейт.
a. Шайтан. b. Инсан. c. Мен тазамын, сен үчүн күнөөм жок.
17 فَكَانَ عَاقِبَتَهُمَا أَنَّهُمَا فِي النَّارِ خَالِدَيْنِ فِيهَا وَذَلِكَ جَزَاءُ الظَّالِمِينَ
Бул иштин натыйжасы ал экөө тең түбөлүк тозокко кирип, түбөлүккө калышат. Адашкандардын жазасы мына ушундай.
a. Каапырлардын.
18 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَلْتَنْظُرْ نَفْسٌ مَا قَدَّمَتْ لِغَدٍ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Момундар! Алладан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне дайардаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
19 وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ نَسُوا اللَّهَ فَأَنْسَاهُمْ أَنْفُسَهُمْ أُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
Алланы унуткандардан болбогула. Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган. Дал ошолор бузукулар.
20 لَا يَسْتَوِي أَصْحَابُ النَّارِ وَأَصْحَابُ الْجَنَّةِ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمُ الْفَائِزُونَ
Тозок ээлери менен Бейиш ээлери тең эмес. Бейиштин ээлери алар – ийгиликке жетүүчүлөр.