1 سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Асмандагылар менен жердегилер Аллахты аруулашат. Ал – Ызааттуу жана Даанышман.
a. Тасбих айтышат
1 سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Асмандагылар менен жердегилер Аллахты аруулашат. Ал – Ызааттуу жана Даанышман.
a. Тасбих айтышат
2 لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Асмандар менен жердин ээлиги Аллахка гана таандык. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
3 هُوَ الْأَوَّلُ وَالْآخِرُ وَالظَّاهِرُ وَالْبَاطِنُ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Ал – Оболку жана Акыркы. Ал – Сырткы жана Ички. Ал – баардык нерсени Билүүчү.
4 هُوَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ يَعْلَمُ مَا يَلِجُ فِي الْأَرْضِ وَمَا يَخْرُجُ مِنْهَا وَمَا يَنْزِلُ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا يَعْرُجُ فِيهَا وَهُوَ مَعَكُمْ أَيْنَ مَا كُنْتُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Ал – асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан кийин Ал Аршка барабарланды. Жерге киргенди, андан чыкканды, асмандан түшкөндү, асманга көтөрүлгөндү (баарын) билет. Ал – кайда болсоңор да силер менен бирге. Аллах силердин жасап жаткан ишиңерди Көрүүчү.
a. Өзүнө (Аллахтын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тафсир Ал-Жалалайн). Ээлик кылды (Тафсир Ал-Насафий). Өзүнө (Аллахтын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тайсиир Ал-Карим Ал-Рахман фии тафсиири Калам Ал-Маннаан). Өзүнө (Аллахтын) улуктугуна ылайык болгон абалда…эч бир окшоштуруусуз Жана салыштыруусуз (Сафват-Тафаасиир) b. амалыңарды
5 لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Асмандар менен жердин ээлиги Ага таандык. Аллахка иштер кайтат.
6 يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَهُوَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Түндү күндүзгө аламаштырат, күндүздү түнгө айлантат. Ал – көкүрөктөрдө сакталгандарды Билүүчү.
a. Дилдеги сырларды
7 آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَأَنْفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُمْ مُسْتَخْلَفِينَ فِيهِ فَالَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَأَنْفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِيرٌ
Аллах менен Анын элчисине ишенгиле жана силерди ээ кылган нерселерден сарптагыла. Силерден ишенгендерге жана сарптагандарга чоң сыйлык (бар).
a. кайрымдуулук, садака, ж.б.у.с. жумшагыла
8 وَمَا لَكُمْ لَا تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ لِتُؤْمِنُوا بِرَبِّكُمْ وَقَدْ أَخَذَ مِيثَاقَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Силерге эмне болду: Аллахка ишенбейсиңер? Элчи болсо силерди Эгеңерге ыйман келтирүүңөргө үгүттөйт. Албетте силердин убадаңарды алып койгон.
a. Иман келтирбейсиңер b. Мухаммед (а.с.) c. Алмустакта
9 هُوَ الَّذِي يُنَزِّلُ عَلَى عَبْدِهِ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ لِيُخْرِجَكُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ وَإِنَّ اللَّهَ بِكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Ал силерди караңгылыктан жарыкка чыгаруу үчүн Өз пендесине ачык айаттарды түшүрөт. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү жана Боорукер.
10 وَمَا لَكُمْ أَلَّا تُنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَا يَسْتَوِي مِنْكُمْ مَنْ أَنْفَقَ مِنْ قَبْلِ الْفَتْحِ وَقَاتَلَ أُولَئِكَ أَعْظَمُ دَرَجَةً مِنَ الَّذِينَ أَنْفَقُوا مِنْ بَعْدُ وَقَاتَلُوا وَكُلًّا وَعَدَ اللَّهُ الْحُسْنَى وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Силерге эмне болду. Аллах жолунда сарптабайсыңар? Асмандар менен жердин мураскорулугу Аллахка. Силердин араңардан жеңиштен мурда сарптаган, согушкандар улуу даражага ээ жана алар (жеңиштен) кийин сарптагандар жана согушкандар менен барабар эмес. Баарына Аллах жакшылыкты убада кылды, Аллах – жасаган амалыңардан Кабардар.
a. байлыгыңарды сооп үчүн жумшабайсыңар b. таандык
11 مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ وَلَهُ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Ким Аллахка жакшы карыз берсе, ошого Аллах көбөйтөт да, ага улуу сыйлык (берет).
a. Аллах жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо.
12 يَوْمَ تَرَى الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ يَسْعَى نُورُهُمْ بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَانِهِمْ بُشْرَاكُمُ الْيَوْمَ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Ал Күнү ыймандуу эркек менен ыймандуу айалдардын нурлары колдорунун алды жактарынан жана оң тараптарынан чуркаганын көрөсүң. Астынан дарыйалар агып турган Бейиштер – силердин бүгүнкү сүйүнчүңөр. Силер анда түбөлүккө (каласыңар). Бул – чоң ийгилик!
13 يَوْمَ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ لِلَّذِينَ آمَنُوا انْظُرُونَا نَقْتَبِسْ مِنْ نُورِكُمْ قِيلَ ارْجِعُوا وَرَاءَكُمْ فَالْتَمِسُوا نُورًا فَضُرِبَ بَيْنَهُمْ بِسُورٍ لَهُ بَابٌ بَاطِنُهُ فِيهِ الرَّحْمَةُ وَظَاهِرُهُ مِنْ قِبَلِهِ الْعَذَابُ
Ал күнү эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү айалдар ыйман келтиргендерге: «Бизге карагыла, нуруңардан пайдаланалы», – дешет. Аларга: «Артыңарга кайткыла, (ошол жактан) нуруңарды издегиле», – деп айтылат. Алардын ортосуна ички тарабы ырайымдуулук, сырткы тарабы азаптан болгон эшиги бар дубал тургузулат.
14 يُنَادُونَهُمْ أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ قَالُوا بَلَى وَلَكِنَّكُمْ فَتَنْتُمْ أَنْفُسَكُمْ وَتَرَبَّصْتُمْ وَارْتَبْتُمْ وَغَرَّتْكُمُ الْأَمَانِيُّ حَتَّى جَاءَ أَمْرُ اللَّهِ وَغَرَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ
Тигилер: «Биз силер менен чогуу болчубуз го?»–дешет. Алар: «Ооба, бирок силер өзүңөрдү азапка салдыңар, кетенчиктедиңер, күмөн санадыңар, кыйалдарыңар – силерди алдап койду, Аллахтын буйругу келгенге чейин силерди (куру) үмүттөрүңөр алдады, Аллах тууралуу азгыруучу алдады.
a. мунафыктар b. момундар c. кыйаматтан d. жалган түшүнүктөр менен e. Т.а. Шайтан
15 فَالْيَوْمَ لَا يُؤْخَذُ مِنْكُمْ فِدْيَةٌ وَلَا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مَأْوَاكُمُ النَّارُ هِيَ مَوْلَاكُمْ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Мына бүгүн силерден жана каапырлардан төлөм алынбайт. Силердин ордуңар – Тозок. Ал – силерге гана ылайык. (Бул) кандай жаман кайгылуу орун!
a. Төлөм – орусчадагы «выкуп» маанисинде.Б.а. азаптан бир нерсе берип куткарып алуу
16 أَلَمْ يَأْنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنْ تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمُ الْأَمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
Ыйман келтиргендердин жүрөктөрү Аллахтын эскертмеси (үчүн) түшкөн акыйкатына жибий турган учур келбедиби! Силерден мурдагы китеп берилгендерге окшобогула. Убакыттын көп өтүүсү менен алардын жүрөктөрү катып калган жана алардын көбү бузукулар.
a. Куранда
17 اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Билип койгула: Аллах жерди, ал өлгөндөн кийин (кайра) тирилтет. Силер акылыңарга келүүңөр үчүн Биз силерге айаттарыбызды байандадык.
a. жер b. какырап куурап калгандан кийин c. жапжашыл кылат d. … айандардын мааниси тууралуу кеңири түшүнүк бердик
18 إِنَّ الْمُصَّدِّقِينَ وَالْمُصَّدِّقَاتِ وَأَقْرَضُوا اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا يُضَاعَفُ لَهُمْ وَلَهُمْ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Кайыр-садака берүүчү эркектер менен айалдарга, ошондой эле Аллахка жакшы карыз бергендерге, алардын сыйлыктары көбөйтүлүп берилет жана аларга улуу сыйлык (бар).
a. Аллах жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо. b. Эки эсе кылып
19 وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ أُولَئِكَ هُمُ الصِّدِّيقُونَ وَالشُّهَدَاءُ عِنْدَ رَبِّهِمْ لَهُمْ أَجْرُهُمْ وَنُورُهُمْ وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Аллах менен Анын элчисине ыйман келтиргендер, алар – чынчылдар жана шейиттер Эгесинин алдында, алардын сыйлыктары жана нурлары (бирге болот). Ал эми каапырлар менен Биздин айаттарды жалганга чыгаргандар, алар – Тозок ээлери.
a. Ишенгендер
20 اعْلَمُوا أَنَّمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَزِينَةٌ وَتَفَاخُرٌ بَيْنَكُمْ وَتَكَاثُرٌ فِي الْأَمْوَالِ وَالْأَوْلَادِ كَمَثَلِ غَيْثٍ أَعْجَبَ الْكُفَّارَ نَبَاتُهُ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَاهُ مُصْفَرًّا ثُمَّ يَكُونُ حُطَامًا وَفِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَغْفِرَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٌ وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا مَتَاعُ الْغُرُورِ
Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – ойун, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыйактуу. Ал кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң, андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Аллахтын кечирими жана ыраазылыгы – (момундар үчүн). (Бул) дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат.
a. убактылуу b. Материалдык байлыктын артынан сайа түшүп кубалоо c. Өсүмдүктөр d. каапырларга