бөлүм Хадиид - الحديد

21 سَابِقُوا إِلَى مَغْفِرَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا كَعَرْضِ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أُعِدَّتْ لِلَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ذَلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

Эгеңердин кечиримине жана асман менен жер мейкиндигиндей кеңдиктеги Бейиш үчүн атаандашкыла. (Ал) – Аллах менен Анын элчисине ыйман келтиргендерге дайардалган. Бул – Аллахтын каалаганына берүүчү ырайымы. Аллах – Улуу Ырайымдын Ээси!

a. жарышкыла

22 مَا أَصَابَ مِنْ مُصِيبَةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي أَنْفُسِكُمْ إِلَّا فِي كِتَابٍ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَبْرَأَهَا إِنَّ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ

Китепте алдын ала жазылып койулгандай жерге да, силердин жаныңарга да, кайгы Биз белгилеп койгондон мурда келбейт. Чындыгында бул – Аллахка жеңил.

a. Лавхул Махфузда

23 لِكَيْلَا تَأْسَوْا عَلَى مَا فَاتَكُمْ وَلَا تَفْرَحُوا بِمَا آتَاكُمْ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ

Өткөндөргө кайгырбагыла жана келгендерге сүйүнбөгүлө! Аллах – бардык текебер, мактанчаактарды жакшы көрбөйт.

a. муну силерге ачык байан кылып жатабыз

24 الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ

Өздөрү сараңдык кылышат жана башкаларды да сараңдыкка буйрушат. Ал эми кимде-ким баш тартса… Чындыгында Аллах Бай жана Макталуучу.

a. Аллах алардын ыйманына да, кайрымдуулугуна да муктаж эмес!

25 لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَأَنْزَلْنَا مَعَهُمُ الْكِتَابَ وَالْمِيزَانَ لِيَقُومَ النَّاسُ بِالْقِسْطِ وَأَنْزَلْنَا الْحَدِيدَ فِيهِ بَأْسٌ شَدِيدٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ وَرُسُلَهُ بِالْغَيْبِ إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ

Акыйкатта, элчилерибизди ачык айандар менен жибердик. Адамдар адилеттиктен чыгып кетпеши үчүн алар менен кошо Китеп жана мыйзамды түшүрдүк. Ошондой эле Биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар. Аллах ким Ага жана Анын элчисине жардам бергендерди кайыптан билүү үчүн…(ушинтти). Чындыгында Аллах – Күчтүү жана Мартабалуу.

a. пайгамбарлар менен кошо b. Кудайдын мыйзамы, же б.а. ар нерсенин өлчөмү

26 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا وَإِبْرَاهِيمَ وَجَعَلْنَا فِي ذُرِّيَّتِهِمَا النُّبُوَّةَ وَالْكِتَابَ فَمِنْهُمْ مُهْتَدٍ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

Акыйкатта, Нухту, Ибрахимди жөнөттүк жана анын урпактарына пайгамбарлык, Китеп бердик. Алардын айрымдары түз жолдо (жүрүштү). Ал эми алардын көпчүлүгү бузукулар.

27 ثُمَّ قَفَّيْنَا عَلَى آثَارِهِمْ بِرُسُلِنَا وَقَفَّيْنَا بِعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ وَآتَيْنَاهُ الْإِنْجِيلَ وَجَعَلْنَا فِي قُلُوبِ الَّذِينَ اتَّبَعُوهُ رَأْفَةً وَرَحْمَةً وَرَهْبَانِيَّةً ابْتَدَعُوهَا مَا كَتَبْنَاهَا عَلَيْهِمْ إِلَّا ابْتِغَاءَ رِضْوَانِ اللَّهِ فَمَا رَعَوْهَا حَقَّ رِعَايَتِهَا فَآتَيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا مِنْهُمْ أَجْرَهُمْ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

Кийин алардын артынан элчилерди жибердик: Марийамдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик. Анын (Исанын) артынан ээрчигендердин жүрөктөрүнө жумшактык, мээримдүүлүк салып койдук. Бирок дүйнөдөн безүүнү Биз жазбасак деле, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн алар өздөрү ойлоп табышты. Бирок аны да жакшылап аткарышкан жок. Ошондой эле Биз ыйман келтиргендерине сыйлык бердик. Бирок алардын көбү бузукулар.

a. кечилдик, кечил болуу

28 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَآمِنُوا بِرَسُولِهِ يُؤْتِكُمْ كِفْلَيْنِ مِنْ رَحْمَتِهِ وَيَجْعَلْ لَكُمْ نُورًا تَمْشُونَ بِهِ وَيَغْفِرْ لَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Эй, ыймандуулар! Аллахтан корккула жана Анын элчисине ишенгиле! Ал мээримин силерге эки эселеп чачат жана жүрүшүңөр үчүн нур берет. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер.

a. Мухаммед (а.с.)га b. Аллах

29 لِئَلَّا يَعْلَمَ أَهْلُ الْكِتَابِ أَلَّا يَقْدِرُونَ عَلَى شَيْءٍ مِنْ فَضْلِ اللَّهِ وَأَنَّ الْفَضْلَ بِيَدِ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

Китеп ээлери Аллахтын ырайымынан эч нерсеге татыктуу эмес экендигин билүүсү үчүн… Албетте, ырайымдуулук Аллахтын колунда, аны каалаганына берет. Аллах – Улуу Мээримдин Ээси!

a. Ушундай байан кылды b. Өзү гана