бөлүм Ахкаф - الأحقاف

21 وَاذْكُرْ أَخَا عَادٍ إِذْ أَنْذَرَ قَوْمَهُ بِالْأَحْقَافِ وَقَدْ خَلَتِ النُّذُرُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Аад коомунун бир тууганын эсте! Ал кумдуу дөбөдөгү өзүнүн элине эскертти; а андан мурун да, андан кийин да пайгамбарлар: “Аллахтан башка эч кимге табынбагыла, мен силерге Улуу Күнү боло турган азаптан коркомун”, – деп эскертип, насаат кылышкан.

a. Худ (а.с.). b. Кыйамат.

22 قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَأْفِكَنَا عَنْ آلِهَتِنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

Алар: “Чын эле сен бизге, табынган кудайларыбыздан бизди кайтаруу үчүн келдиңби? Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи”, – дешти.

23 قَالَ إِنَّمَا الْعِلْمُ عِنْدَ اللَّهِ وَأُبَلِّغُكُمْ مَا أُرْسِلْتُ بِهِ وَلَكِنِّي أَرَاكُمْ قَوْمًا تَجْهَلُونَ

Ал айтты: “Илим Аллахда гана, мен болгону эмнеге жөнөтүлгөн болсом, ошону гана жеткирем. Бирок, мен силердин сабатсыз эл экениңерди көрүп турамын”.

a. Эмне тапшырма менен.

24 فَلَمَّا رَأَوْهُ عَارِضًا مُسْتَقْبِلَ أَوْدِيَتِهِمْ قَالُوا هَذَا عَارِضٌ مُمْطِرُنَا بَلْ هُوَ مَا اسْتَعْجَلْتُمْ بِهِ رِيحٌ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٌ

Алар өз өрөөндөрүн көздөй жылып келе жаткан булуттарды көрүшкөндө: “Бул булуттардан бизге жамгыр жаайт”, – дешти. “Жок, ал силер шаштырып жаткан нерсе – бороондуу шамал, анда катуу азап бар!”, – (деди).

a. Аларды талкалоо үчүн жиберилген кырсыктуу булуттар. b. Бул Худ пайгамбардын сөздөрү.

25 تُدَمِّرُ كُلَّ شَيْءٍ بِأَمْرِ رَبِّهَا فَأَصْبَحُوا لَا يُرَى إِلَّا مَسَاكِنُهُمْ كَذَلِكَ نَجْزِي الْقَوْمَ الْمُجْرِمِينَ

“Ал Аллахтын буйругу боюнча баарын кыйратат”. Ошентип, эртең менен алардын (кыйраган) үй-жайларынан башка эч нерсе калган жок. Биз күнөөлүү коомду ушинтип жазалайбыз.

a. Бороон. b. Жашоочулары бүт өлүмгө учурады.

26 وَلَقَدْ مَكَّنَّاهُمْ فِيمَا إِنْ مَكَّنَّاكُمْ فِيهِ وَجَعَلْنَا لَهُمْ سَمْعًا وَأَبْصَارًا وَأَفْئِدَةً فَمَا أَغْنَى عَنْهُمْ سَمْعُهُمْ وَلَا أَبْصَارُهُمْ وَلَا أَفْئِدَتُهُمْ مِنْ شَيْءٍ إِذْ كَانُوا يَجْحَدُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

Биз аларга, силерге бербеген бийликти бердик. Аларга угуу, көрүү жана жүрөк бердик. Бирок кулагы да, көзү да, жүрөгү да аларга эч бир пайда келтирбеди. Анткени алар Аллахтын айаттарын чанышкан эле. Анан алардын үстүнө өздөрү шылдыңдап жаткан нерсе түштү.

a. Мекке эли. b. Четке кагышкан.

27 وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا مَا حَوْلَكُمْ مِنَ الْقُرَى وَصَرَّفْنَا الْآيَاتِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Биз силердин айланаңардагы калааларды кыйратып жок кылганбыз; алар (Аллахка) кайрылсын үчүн көптөгөн айат-белгилерибизди түшүрдүк.

28 فَلَوْلَا نَصَرَهُمُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ قُرْبَانًا آلِهَةً بَلْ ضَلُّوا عَنْهُمْ وَذَلِكَ إِفْكُهُمْ وَمَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Аллахтан башканы Аллахка жакын кылат деп алышкан кудайлары жардам бербедиби? Балким, алар жок болушту. Бул – алардын жалаасы жана жалган сөздөрү.

a. Жардам бермек түгүл.

29 وَإِذْ صَرَفْنَا إِلَيْكَ نَفَرًا مِنَ الْجِنِّ يَسْتَمِعُونَ الْقُرْآنَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوا أَنْصِتُوا فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوْا إِلَى قَوْمِهِمْ مُنْذِرِينَ

Качан Биз сага Куранды угуу үчүн бир нече жинди жөнөткөнүбүздө, алар анын жанында турушуп: “Уккула!” – дешти. Качан окуу айактаган кезде алар өз элине (насаат-кабар менен) кайтып барышты.

a. Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) дын. b. Жиндер Пайгамбарыбыздын учурунда бир нече ирет келип, динди үйрөнүп кетишкен.

30 قَالُوا يَا قَوْمَنَا إِنَّا سَمِعْنَا كِتَابًا أُنْزِلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَى مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ وَإِلَى طَرِيقٍ مُسْتَقِيمٍ

Алар мындай дешти: “Эй коомубуз! Биз Мусадан кийинки келген, ага берилгендердин чындык экендигин тастыктаган Китепти уктук. Ал чындыкка жана туура жолго алып барат.

a. Жиндер. b. Муса(а.с.) га.

31 يَا قَوْمَنَا أَجِيبُوا دَاعِيَ اللَّهِ وَآمِنُوا بِهِ يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُجِرْكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ

Эй, коомубуз! Аллахка чакырып жатканды уккула жана ага моюн сунгула! Ал силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет жана оорутуучу азаптан куткарат.

32 وَمَنْ لَا يُجِبْ دَاعِيَ اللَّهِ فَلَيْسَ بِمُعْجِزٍ فِي الْأَرْضِ وَلَيْسَ لَهُ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءُ أُولَئِكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

А ким Аллахка чакырып жатканды укпаса, анда ал жер үстүндө кутулбайт. Ага Аллахтан башка коргоочулар жок. Мындайлар анык адашууда.

a. Аллахты алсыз кыла албайт. b. Анын акыреттеги жазасынан.

33 أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَلَمْ يَعْيَ بِخَلْقِهِنَّ بِقَادِرٍ عَلَى أَنْ يُحْيِيَ الْمَوْتَى بَلَى إِنَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Ырас эле алар Аллах асмандар менен жерди жараткандыгын жана жаратууда алсыз болбогондугун, өлгөндөрдү кайрадан тирилте ала тургандыгын көрүшпөдүбү? Акыйкатта, Ал бардык нерселерге Кудурети жетүүчү.

34 وَيَوْمَ يُعْرَضُ الَّذِينَ كَفَرُوا عَلَى النَّارِ أَلَيْسَ هَذَا بِالْحَقِّ قَالُوا بَلَى وَرَبِّنَا قَالَ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ

Кыйамат Күнүндө каапырлар оттун алдына коюлат. “Бул чындык эмеспи?” (деп алардан суралат). “Ооба, Эгебизге ант беребиз! (Бул чындык экен дешет). “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды тарткыла!” – дейт.

35 فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَ مَا يُوعَدُونَ لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا سَاعَةً مِنْ نَهَارٍ بَلَاغٌ فَهَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الْفَاسِقُونَ

Пайгамбарлардын арасынан туруктуулук ээлери сабырдуу болгондой, сабырдуу болгун жана каапырларга шашылба! Убада кылынган күндү көрүшкөндө, күндүзү эле бир аз убакыт турушкансышат. Кабар угузулган. Бузулган эл гана жок болуп кетет.

a. Сабыр ээлери. b. “Жаза качан болот” деп шашылба. c. Кыйамат. d. Кыйамат коркунучунан. e. Дин жөнүндө толук кабар жеткен. f. Кырсыкка кабылып, тозокко түшөт.