1 حم
Хаа-Мим.
a. Маанилери бир Аллахка маалым.
1 حم
Хаа-Мим.
a. Маанилери бир Аллахка маалым.
2 تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ
Китептин түшүүсү – Ызаттуу Даанышман Аллахтан.
3 مَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَأَجَلٍ مُسَمًّى وَالَّذِينَ كَفَرُوا عَمَّا أُنْذِرُوا مُعْرِضُونَ
Биз Асмандар менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды чындык, белгиленген мөөнөт менен жараттык. А каапырлар болсо өздөрүнө эскертилген нерселерден жүз буруучулар.
4 قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُوا مِنَ الْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌ فِي السَّمَاوَاتِ ائْتُونِي بِكِتَابٍ مِنْ قَبْلِ هَذَا أَوْ أَثَارَةٍ مِنْ عِلْمٍ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Аларга) айт: “Аллахтан башка табынып жатканыңардын кандай экенинен кабар бергилечи. Алар (кудайыңар) жер үстүндө эмнелерди жараткандыгын, же болбосо аларда асмандарды жаратууда үлүшү барбы, көргөзгүлөчү. Эгер силер чындыкты айтып жатсаңар, анда мындан мурунку китепти, же эң жок дегенде – илимдин кичинекей бир бөлүкчөсүн келтиргилечи!”
a. Ойдон чыккан, жасалма кудайыңардын, сөлөкөттөрүңөрдүн. b. Курандан. c. Силерге далил боло ала турган.
5 وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَنْ لَا يَسْتَجِيبُ لَهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَهُمْ عَنْ دُعَائِهِمْ غَافِلُونَ
Кыйамат Күнү кабыл алынбай турган нерселерге Аллахты таштап сыйынган адамдардан да көбүрөөк адашкан адам барбы? Алар сыйынгандардын дубасынан кабарсыз.
a. Сыйынып жаткан жасалма кудайлары, сөлөкөттөр.
6 وَإِذَا حُشِرَ النَّاسُ كَانُوا لَهُمْ أَعْدَاءً وَكَانُوا بِعِبَادَتِهِمْ كَافِرِينَ
А качан элдер чогулган кезде алар сыйынгандарга душман болуп чыга келет. Алардын сыйынууларын танышат.
a. Кыйамат Күндө. b. Жасалма кудайлар.
7 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ هَذَا سِحْرٌ مُبِينٌ
Качан аларга Биздин анык айаттарыбыз окулган кезде, каапырлар өздөрүнө келген акыйкат тууралуу: “Бул анык сыйкыр!” – дешет.
8 أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَلَا تَمْلِكُونَ لِي مِنَ اللَّهِ شَيْئًا هُوَ أَعْلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِ كَفَى بِهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Же: “Ал аны ойлоп чыгарган” - дешет. (Аларга) айт: “Эгер мен аны ойлоп чыгарган болсом, анда силер мени Аллахтын азабынын азыраак нерсесин да коргой албас элеңер. Ал силер сүйлөп жаткан нерсе тууралуу жакшы билет. Ал мени менен силердин ортобузда жетиштүү күбө. Ал – Кечиримдүү, Боорукер”.
a. Куранды. b. Куран. c. Аллах.
9 قُلْ مَا كُنْتُ بِدْعًا مِنَ الرُّسُلِ وَمَا أَدْرِي مَا يُفْعَلُ بِي وَلَا بِكُمْ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَى إِلَيَّ وَمَا أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айт: “Мен биринчи келген пайгамбарлардан болгон эмесмин жана өзүмө эмне болорун да, силерге эмне болорун да билбейм. Мен өзүмө кабарланган нерсени гана ээрчиймин жана мен болгону ачык эскертүүчүмүн”.
10 قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كَانَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَكَفَرْتُمْ بِهِ وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى مِثْلِهِ فَآمَنَ وَاسْتَكْبَرْتُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Айт: “Силер Куран Аллах тарабынан түшүрүлгөнүнө ишенбей жатсаңар, ал эми Исраил урпактарынын ичинен чыккан бирөө буга ишенип жатса эмне болоорун айткылачы. Ал ага ишенди, а силер текебердене четке кагасыңар. Акыйкатта, Аллах адашкан коомду туура жолго салбайт”.
a. Эмне болоруңарды ойлодуңарбы?
11 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا لَوْ كَانَ خَيْرًا مَا سَبَقُونَا إِلَيْهِ وَإِذْ لَمْ يَهْتَدُوا بِهِ فَسَيَقُولُونَ هَذَا إِفْكٌ قَدِيمٌ
Каапырлар ыймандууларга мындай дешет: “Эгер ал жакшы болгондо, анда алар бизден мурда озмок эмес”. Өздөрү туура жол таба албай жатышып: “Бул бир эски жалган”, – дешет.
a. Куран. b. Мусулмандар. c. Биринчи биз кабыл алмакпыз.
12 وَمِنْ قَبْلِهِ كِتَابُ مُوسَى إِمَامًا وَرَحْمَةً وَهَذَا كِتَابٌ مُصَدِّقٌ لِسَانًا عَرَبِيًّا لِيُنْذِرَ الَّذِينَ ظَلَمُوا وَبُشْرَى لِلْمُحْسِنِينَ
Ага чейин да жол башчы жана мээримдүүлүк катары Мусага китеп түшүрүлгөн эле. А араб тилиндеги тастыктоочу бул Китеп (Куран) заалымдарга эскертүү жана жакшылык иш кылгандарга сүйүнүчтүү кабарды жеткирүү үчүн (түшүрүлгөн).
a. Куранга. b. Каапырларга.
13 إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
“Биздин Эгебиз Аллах гана”, – деп айтып, кийин бекем турушкандар, аларга каралык да болбойт, кайгыруу да болбойт.
14 أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ خَالِدِينَ فِيهَا جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Алар кылган жакшы иштеринин сыйлыгы үчүн Бейишке киришет, анда түбөлүккө калышат.
15 وَوَصَّيْنَا الْإِنْسَانَ بِوَالِدَيْهِ إِحْسَانًا حَمَلَتْهُ أُمُّهُ كُرْهًا وَوَضَعَتْهُ كُرْهًا وَحَمْلُهُ وَفِصَالُهُ ثَلَاثُونَ شَهْرًا حَتَّى إِذَا بَلَغَ أَشُدَّهُ وَبَلَغَ أَرْبَعِينَ سَنَةً قَالَ رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَى وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَصْلِحْ لِي فِي ذُرِّيَّتِي إِنِّي تُبْتُ إِلَيْكَ وَإِنِّي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну насаат кылдык. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрөт жана кыйналып төрөйт. Аны (баланы) курсагында көтөрүп жүрүү жана эмчектен чыгаруу отуз айга созулат. Ал качан баралына жетип, кырк жашка келген кезде ал: “Эгем! Өзүң мага жана менин ата-энеме көргөзгөн жакшылыгың үчүн мени Өзүңө шүгүр келтирүүчү кыл. Сени ыраазы кыла турган жакшы иштерге кубат бер. Менин жана урпактарымдын абалын жакшырт. Өзүңө тообо кылдым. Мен мусулмандарданмын” – деди.
a. Буйрук бердик. b. Туура жолго сал.
16 أُولَئِكَ الَّذِينَ نَتَقَبَّلُ عَنْهُمْ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَنَتَجَاوَزُ عَنْ سَيِّئَاتِهِمْ فِي أَصْحَابِ الْجَنَّةِ وَعْدَ الصِّدْقِ الَّذِي كَانُوا يُوعَدُونَ
Мындай адамдардан Биз алар жасаган иштеринин эң жакшыларын гана кабыл кылабыз жана алардын күнөөлөрүн бейиш ээлери катары кечиребиз. Бул аларга берилген чындык убада.
17 وَالَّذِي قَالَ لِوَالِدَيْهِ أُفٍّ لَكُمَا أَتَعِدَانِنِي أَنْ أُخْرَجَ وَقَدْ خَلَتِ الْقُرُونُ مِنْ قَبْلِي وَهُمَا يَسْتَغِيثَانِ اللَّهَ وَيْلَكَ آمِنْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ فَيَقُولُ مَا هَذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Өз ата-энесине айтты: “Уф! Экөөңө, менден мурда канчалаган кылымдар өтүп кетсе деле, менин тирилип кайра чыгуума убада берип жатасыңарбы?!” Ал экөө тең: “Оо куурагыр, Кудайга ишен! Анткени Аллахтын айткандарынын бардыгы чындык!” – деп кайрылышат. (Анда) ал: “Бул илгеркилердин эле жомогу!” – дейт.
18 أُولَئِكَ الَّذِينَ حَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ إِنَّهُمْ كَانُوا خَاسِرِينَ
Аларга чейинки өткөн жиндер менен адамдардан болгон элдерге карата алардын үстүнөн (болгон азап) сөзү чын. Акыйкатта, алар зыйанга учуроочулар.
19 وَلِكُلٍّ دَرَجَاتٌ مِمَّا عَمِلُوا وَلِيُوَفِّيَهُمْ أَعْمَالَهُمْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Ар бир кишинин жасаган ишине ылайык берилүүчү даражалар болот. Ал алардын (амалдардын) энчисин берет. Аларга эч зулум кылынбайт.
a. Адилетсиздик.
20 وَيَوْمَ يُعْرَضُ الَّذِينَ كَفَرُوا عَلَى النَّارِ أَذْهَبْتُمْ طَيِّبَاتِكُمْ فِي حَيَاتِكُمُ الدُّنْيَا وَاسْتَمْتَعْتُمْ بِهَا فَالْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ الْهُونِ بِمَا كُنْتُمْ تَسْتَكْبِرُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَبِمَا كُنْتُمْ تَفْسُقُونَ
Кыйамат Күнүндө каапырлар отко алынып келинген кезде: “Силер дүйнөдөгү жашооңордо өз жакшы нерселериңерди кетирдиңер жана андан пайдаландыңар. А бүгүн жерде текебердене басып, бузукулук кылганыңар үчүн кордоочу азап менен азапталасыңар”, – (делинет).
a. Ырахатыңарды түгөттүңөр.