бөлүм Жаасия - الجاثية

1 حم

Ха, Мим.

a. Маанисин бир Алла билет

2 تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

Китептин түшүүсү – Өкүмдар, Даанышман Алладан.

3 إِنَّ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِلْمُؤْمِنِينَ

Чындыгында асмандарда да, жерде да момундар үчүн белгилер бар.

a. Алланын жалгыздыгын даңазалап, тастыктап турган

4 وَفِي خَلْقِكُمْ وَمَا يَبُثُّ مِنْ دَابَّةٍ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Силердин жаралууңарда да, жандыктардын таралуусунда да чындап ыйман келтирген эл үчүн белгилер бар.

5 وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ رِزْقٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Түн менен күндүн алмашуусунда, Алланын асмандардан жамгыр жаадырып, өлгөн жерге ал аркылуу жан бергендигинде жана шамалдарды башкаруусунда акыл калчаган эл үчүн белгилер бар.

6 تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَ اللَّهِ وَآيَاتِهِ يُؤْمِنُونَ

Ушулар Алланын айаттары. Сага буларды акыйкат менен окуйбуз. Эми алар Алланын айаттарынан кийин кайсыл сөзгө ишенишет?

7 وَيْلٌ لِكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ

Бардык жалганчы күнөөкөргө азап болсун!

8 يَسْمَعُ آيَاتِ اللَّهِ تُتْلَى عَلَيْهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Алара окулган Алланын айаттарын тыңдашат да, менменсинип, эч нерсени укпагандай текеберленишет. Эми аларга оорутуучу азапты сүйүнчүлө.

9 وَإِذَا عَلِمَ مِنْ آيَاتِنَا شَيْئًا اتَّخَذَهَا هُزُوًا أُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

Эгерда ал айаттарыбыздан бир нерсе билсе, аны келекеге айлантат. Мына ошолорго кордоочу азап бар.

10 مِنْ وَرَائِهِمْ جَهَنَّمُ وَلَا يُغْنِي عَنْهُمْ مَا كَسَبُوا شَيْئًا وَلَا مَا اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Алардын артында Тозок дайар. Алардын жасаган иштери да, Алладан башка жасап алган (сөлөкөт) достору да эч бир пайда бербейт. Аларга зор азап бар.

a. Тозок тигил дүйнөдө болгондугу үчүн ушуинтип айтылууда

11 هَذَا هُدًى وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ

Бул– туура жолго баштоочу. Эгеңдин айаттарына каршы чыккандар үчүн оорутуучу азаптын эң жаманы бар.

a. Куран

12 اللَّهُ الَّذِي سَخَّرَ لَكُمُ الْبَحْرَ لِتَجْرِيَ الْفُلْكُ فِيهِ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Алла деңизди (пайдаланууну) силерге багындырды. Анын буйругу менен деңизде кемелерди жүргүзүп, Анын жакшылыгынан ырыскы издейсиңер. Балким, (Аллага) шүгүр кылаарсыңар.

13 وَسَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مِنْهُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Ошондой эле, Ал Өзү тараптан силер үчүн асмандар менен жердеги бардык нерселерди силерге багындырып койду. Чындыгында, ушуларда ой жүгүрткөн эл үчүн белгилер бар.

14 قُلْ لِلَّذِينَ آمَنُوا يَغْفِرُوا لِلَّذِينَ لَا يَرْجُونَ أَيَّامَ اللَّهِ لِيَجْزِيَ قَوْمًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Ыйман келтиргендерге айткын: Алланын оор күнүн үмүт кылбагандарды кечирип койушсун. Анткени, Алла ар бир элдин жасаган иштеринин жазасын берет.

a. Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда

15 مَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفْسِهِ وَمَنْ أَسَاءَ فَعَلَيْهَا ثُمَّ إِلَى رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ

Эгер ким жакшы иштерди жасаган болсо, ал өзү үчүн. Ал эми ким жамандык жасаган болсо, ал да өзүнө. Андан кийин Эгеңерге кайтасыңар.

16 وَلَقَدْ آتَيْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ

Чындыгында, Исраил урпактарына китеп, өкүмдарлык, пайгамбарлык жана таза ырыскы берип ааламдарга артык кылган болчубуз.

17 وَآتَيْنَاهُمْ بَيِّنَاتٍ مِنَ الْأَمْرِ فَمَا اخْتَلَفُوا إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِي بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Ошондой эле дин иштеринде аларга даана далилдерди берген болчубуз. Бирок аларга (Мухаммед алейхи саламдын пайгамбарлыгы жана адал менен арам ж.б.у.с. тууралуу) маалымат келгенден кийин өз ара ичи тардыктан улам, бүтпөс талаш-тартышка түшүп кетишти. Чындыгында, Эгең Кыйамат күнү ортолорундагы талашка түшкөн нерселер тууралуу өкүм чыгарат.

a. Ошондо Акыйкат Мухаммед (а.с.) тарапта экенин көрүшөт!

18 ثُمَّ جَعَلْنَاكَ عَلَى شَرِيعَةٍ مِنَ الْأَمْرِ فَاتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

Сени шариат ишине койдук. Эми ушуну менен жүр. (Исламды) билбегендердин сөздөрүн ээрчибе.

a. Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда b. Дин иштеринин жолуна салдык

19 إِنَّهُمْ لَنْ يُغْنُوا عَنْكَ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا وَإِنَّ الظَّالِمِينَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُتَّقِينَ

Анткени алар сени Алладан эч качан коргой алышпайт. Чындыгында, заалымдар бири-бири менен дос. Алла болсо – такыбалардын досу.

20 هَذَا بَصَائِرُ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Бул Куран инсандар үчүн даана далилдер менен чындап ыйман келтирген элге жол башчы жана ырайым.