бөлүм Жаасия - الجاثية

21 أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ اجْتَرَحُوا السَّيِّئَاتِ أَنْ نَجْعَلَهُمْ كَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَوَاءً مَحْيَاهُمْ وَمَمَاتُهُمْ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ

Же жаман иштерди жасагандар, өздөрүн –ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдар сыйактуу эле биз да жашоодо, өлүмдө алар менен бирдейбиз деп ойлошобу? Алардын (өздөрүнчө) чыгарган чечимдери кандай жаман?

22 وَخَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَلِتُجْزَى كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Чындыгында, Алла асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Ар кимге кылган ишинине жараша берилет. Алар адилетсиздикке учурашпайт.

a. Демек, албетте, капыр менен момун окшош бааланбайт

23 أَفَرَأَيْتَ مَنِ اتَّخَذَ إِلَهَهُ هَوَاهُ وَأَضَلَّهُ اللَّهُ عَلَى عِلْمٍ وَخَتَمَ عَلَى سَمْعِهِ وَقَلْبِهِ وَجَعَلَ عَلَى بَصَرِهِ غِشَاوَةً فَمَنْ يَهْدِيهِ مِنْ بَعْدِ اللَّهِ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Каалоосун кудай кылып алган адамды жана Алла Өзү билип туруп адаштырып, кулагына, жүрөгүнө мөөр басып, көзүн парда менен тосуп койгон адамдарды көрдүңбү? Эми, Алла адаштыргандан кийин аны туура жолго ким салат? Эсиңерге келбейсиңерби!?

a. Көңүлү самаган нерсени b. Алар каапырлар

24 وَقَالُوا مَا هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا يُهْلِكُنَا إِلَّا الدَّهْرُ وَمَا لَهُمْ بِذَلِكَ مِنْ عِلْمٍ إِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ

Алар: “Жашообуз – ушул гана дүйнөдө. Өлөбүз, өмүр сүрөбүз. Бизди мезгил гана өлтүрөт”,– дешет. Чындыгында, алардын буга байланыштуу маалыматы жок. Алардыкы болжол гана.

a. Өлүм менен кошо инсандын жашоосу толук бүтөбү, же жашоо чексизби, ал тууралуу...

25 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ مَا كَانَ حُجَّتَهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا ائْتُوا بِآبَائِنَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Аларга айаттарыбыз түшүнүктүү кылынып окулган кезде: “Эгер сөздөрүңөр чын болсо, ата-бабаларыбызды тирилтип, алып келгилечи кана!” – дештен башка далилдери болбойт.

26 قُلِ اللَّهُ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يَجْمَعُكُمْ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

(Сен): “Силерди тирилтет, анан өлтүрөт. Анан кайра силерди шексиз болуучу Кыйамат күнү жыйнайт. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт”, – деп айткын.

a. Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда

27 وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يَوْمَئِذٍ يَخْسَرُ الْمُبْطِلُونَ

Асмандар менен жердин ээлиги – Аллага таандык. Кыйамат болгон кезде бузукулар зыйанга учурашат.

a. каапырлар

28 وَتَرَى كُلَّ أُمَّةٍ جَاثِيَةً كُلُّ أُمَّةٍ تُدْعَى إِلَى كِتَابِهَا الْيَوْمَ تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

(Эй, Мухаммед!) бардык коомдордун (ошондо) эңкейип турганын көрөсүң. Ар бир коом амал китебине чакырылат да: “Бүгүн (тирүүлүктө) кылган иштериңердин акылары берилет”.

29 هَذَا كِتَابُنَا يَنْطِقُ عَلَيْكُمْ بِالْحَقِّ إِنَّا كُنَّا نَسْتَنْسِخُ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

“Бул Китебибиз силерге чындыкты гана сүйлөйт. Анткени силердин кылган иштериңерди жаздырып алганбыз” – делинет.

30 فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُدْخِلُهُمْ رَبُّهُمْ فِي رَحْمَتِهِ ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْمُبِينُ

Ал эми ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды Эгелери Өз ырайымына бөлөйт. Мына ошол анык ийгилик!

31 وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا أَفَلَمْ تَكُنْ آيَاتِي تُتْلَى عَلَيْكُمْ فَاسْتَكْبَرْتُمْ وَكُنْتُمْ قَوْمًا مُجْرِمِينَ

(Алланын айаттарына) каршы чыккандарга: “Силерге айаттарым окулбады беле!? Ошондо текеберлендиңер. Силер күнөөкөр эл элеңер”.

32 وَإِذَا قِيلَ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَالسَّاعَةُ لَا رَيْبَ فِيهَا قُلْتُمْ مَا نَدْرِي مَا السَّاعَةُ إِنْ نَظُنُّ إِلَّا ظَنًّا وَمَا نَحْنُ بِمُسْتَيْقِنِينَ

“Чындыгында, Алланын убадасы – Акыйкат жана Кыйаматтын келишинде шек жок” – делген кезде: “Кыйаматтын эмне экенин билбейбиз. Муну жөн эле болжол деп ойлойбуз. Биз ынангандардан эмеспиз” (–дечү элеңер).

a. Билгибиз да келбейт...

33 وَبَدَا لَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا عَمِلُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

Кылган жамандыктары ашкереленип, алардын келекелеген нерселери өздөрүнүн баштарына түштү.

34 وَقِيلَ الْيَوْمَ نَنْسَاكُمْ كَمَا نَسِيتُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَذَا وَمَأْوَاكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَاصِرِينَ

Аларга: “Силер ушул күндө жолугууну унуткандай, эми Биз да силерди унутуп койобуз. Орундарыңар – От. Силер үчүн бир да жардамчы табылбайт”, – деп айтылат.

a. Отко таштатып койуп

35 ذَلِكُمْ بِأَنَّكُمُ اتَّخَذْتُمْ آيَاتِ اللَّهِ هُزُوًا وَغَرَّتْكُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا فَالْيَوْمَ لَا يُخْرَجُونَ مِنْهَا وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

Бул (азап) – силер Алланын айаттарын келекелегендигиңердин айынан (болот). Силерди дүйнө тиричилиги азгырды. Ошондуктан алар бүгүн Тозоктон чыгарылбайт, тооболору да кабыл кылынбайт.

36 فَلِلَّهِ الْحَمْدُ رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَرَبِّ الْأَرْضِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Бардык мактоо – Эгебиз, асмандардын Эгеси, Жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси – Аллага таандык.

37 وَلَهُ الْكِبْرِيَاءُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Асмандарда да, жерде да улуктук – Ага таандык. Ал – Мартабалуу, Даанышман!