бөлүм Рум - الروم

1 الم

Алиф, лам, мим.

a. Мааниси бир Аллахка маалым

2 غُلِبَتِ الرُّومُ

Рум жеңилди.

a. Чыгыш Римдиктер Китеп ээлери эле. Аларды Перси империйасы басып алган учур болгон. А перстер китеп ээлери эмес болчу, будпарастар болушкан. Ошондо Меккелик каапырлар кубанычка бөлөнүп, мусулмандарга кайрылып: «Перстер Византийалыктарды басып алгандай, биз да силерди жеңип алабыз» , – дешкен (Тафсир Ал-Жалалайн)

3 فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُمْ مِنْ بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ

Эң жакын жерде алар жеңилгенден кийин кайра жеңишет.

4 فِي بِضْعِ سِنِينَ لِلَّهِ الْأَمْرُ مِنْ قَبْلُ وَمِنْ بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ

Бир нече жылдын ичинде. Иш мурун да, кийин да Аллахтын эркинде (болот). Ошол күнү момундар кубанышат.

a. 3төн 9га чейинки жылдар аралыгы b. Окуйалардын кандай нукта өнүгүшү c. Византийа жеңилгенден туура жети жыл өткөн соң кайра персилерди жеңип алышкан. Ошондо мусулмандар кубанышты. Меккелик каапырлар будпарастарга жан тарткандай эле, мусулмандар да китеп ээлерине жан тартышкан. Кызыгы: Бул окуйаны Куран жети жыл мурун кабарлаган. Курандын ушул сүрөсүнүн 4-айатында «фии биз-и синиин» деп кабардалган. Араб тилинде «биз-у» 3төн 9га чейинки сандардын аралыгын туйундурат. Куран - Жараткандын Сөзү экенине мына бул далил эмей эмине?

5 بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

Аллахтын жардамы менен. Ал Өзү кимге кааласа жардам берет. Ал – Ызааттуу, Мээримдүү.

6 وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Бул – Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. Бирок адамдардын көбү (аны) түшүнбөйт.

7 يَعْلَمُونَ ظَاهِرًا مِنَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَهُمْ عَنِ الْآخِرَةِ هُمْ غَافِلُونَ

Алар бул дүйнө тиричилигинде көрүнүп турган нерселерди гана билишет да, акыреттен бейкапар (жүрүшөт).

8 أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا فِي أَنْفُسِهِمْ مَا خَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَأَجَلٍ مُسَمًّى وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ بِلِقَاءِ رَبِّهِمْ لَكَافِرُونَ

Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагыларды чындык менен белгилүү бир мөөнөткө (чейин өмүр сүрүүлөрү) үчүн жаратты. (Адамдар жок дегенде) өздөрү тууралуу ой жүгүртүшпөйбү? Чындыгында, адамдардын көпчүлүгү Эгесине жолугууга каршы чыгышат.

9 أَوَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ كَانُوا أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَأَثَارُوا الْأَرْضَ وَعَمَرُوهَا أَكْثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Алар жер жүзүн кыдырып, өздөрүнөн мурункулардын акыбетинин кандай болгонун көрүшпөйбү? Чындыгында, алар булардан күчтүүрөөк болчу. Алар буларга караганда жерлерди да көбүрөөк айдашып, көбүрөөк дан себишчү. Аларга ачык далилдер менен элчилер да келген. Аллах аларга зулумдук кылган эмес. Бирок, алар өздөрүнө зулумдук кылышкан.

a. Мурда өткөн муундар: Аад, Самуд сыйактуу элдери b. Азыр жашап жаткан Рим, Перс империйалары жана алардын кийин өкүм жүргүзгөн башка каапыр мамлекетер сыйактуулар

10 ثُمَّ كَانَ عَاقِبَةَ الَّذِينَ أَسَاءُوا السُّوأَى أَنْ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَكَانُوا بِهَا يَسْتَهْزِئُونَ

Ошондуктан жамандык кылгандардын акыбети – Аллахтын айаттарын жалганга чыгарып, аны келекелегендер үчүн жаман болот!

11 اللَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Алгачкы жараткан да Аллах, кийин Өзүнө кайтара турган да Ал Өзү. Ага кайтарыласыңар.

12 وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يُبْلِسُ الْمُجْرِمُونَ

Кыйамат болгон күнү күнөөкөрлөр (Бейиштен) күдөр үзүшөт.

13 وَلَمْ يَكُنْ لَهُمْ مِنْ شُرَكَائِهِمْ شُفَعَاءُ وَكَانُوا بِشُرَكَائِهِمْ كَافِرِينَ

Аларга, Аллахка кошкон шериктеринин жардамы тийбей, алар өздөрү (Аллахка кошкон) ошол шериктерине каршы чыгышат.

14 وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يَوْمَئِذٍ يَتَفَرَّقُونَ

Кыйамат күнү – ошол күнү (каапырлар менен момундар) ажыратылат.

15 فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَهُمْ فِي رَوْضَةٍ يُحْبَرُونَ

Ал эми (Аллахка) ыйман келтирип, жакшылык кылгандар (Бейиш) бактарда сайрандашат.

16 وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَلِقَاءِ الْآخِرَةِ فَأُولَئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ

Каапыр болуп, Менин айаттарымды жана акыретте Мага жолугууну жалганга чыгаргандар, мына ошолор – Тозокко дайардалгандар.

17 فَسُبْحَانَ اللَّهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ

Ошондуктан, кеч киргизип, таң атырган убагыңарда жана таң атаарда Аллахты аруулагыла!

a. Шам жана куптан маалдары b. багымдат намазында

18 وَلَهُ الْحَمْدُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَعَشِيًّا وَحِينَ تُظْهِرُونَ

Асмандар менен жерде, кечке маал жана түшкү тыныгууңарда да бардык мактоо – Аллахка гана!

a. Бешим жана дигер маалдары

19 يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَيُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَكَذَلِكَ تُخْرَجُونَ

Ал өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат да, жерди ал өлгөндөн кийин кайра жандандырат. Ошол сыйактуу эле, силер (кабырлардан) кайра чыгарыласыңар.

a. мүрзөлөрдөн

20 وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ إِذَا أَنْتُمْ بَشَرٌ تَنْتَشِرُونَ

Анын белгилеринин бири – силерди топурактан жаратышы. Кийин силер адам болуп (жер бетине) таркатылдыңар.