бөлүм Рум - الروم

41 ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты. Балким, алар кайра тартышаар.

a. Өздөрү жасаган жамандыктарды алар да башкалардан тартып көрсүн деп жер бетиндеги жана деңиздердеги адмдардын каракчылыктарын азырынча токтотконубуз жок

42 قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلُ كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُشْرِكِينَ

(Эй, Мухаммед!) «Жер жүзүн кыдырып, мурункулардын акыбети кандай болгонун көргүлө», – дегин. Алардын көбү Аллахка шерик кошуучулар болчу.

43 فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ الْقَيِّمِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا مَرَدَّ لَهُ مِنَ اللَّهِ يَوْمَئِذٍ يَصَّدَّعُونَ

Аллахтан кайтарылбай турган күн келүүдөн мурун жүзүңдү туура, түз динге түздө! Ал күнү алар ажыратылат.

a. Исламга b. Каапыррлар менен момундар

44 مَنْ كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُ وَمَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِأَنْفُسِهِمْ يَمْهَدُونَ

Ким каапыр болсо, каапырлыгы өзүнө! Ал эми ким жакшы амал жасаса, анда ал өзү үчүн (жыргалдуу) орун дайардайт.

45 لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنْ فَضْلِهِ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ

Ошентип, Аллах ыйман келтирип, жакшылык кылгандарга Өз жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында, Ал – каапырларды жакшы көрбөйт.

a. Аллах Таала

46 وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ يُرْسِلَ الرِّيَاحَ مُبَشِّرَاتٍ وَلِيُذِيقَكُمْ مِنْ رَحْمَتِهِ وَلِتَجْرِيَ الْفُلْكُ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Силерге жакшылык даамын таттыруу үчүн кубандыруучу шамалдарды жиберип, Өз берешендигинен ырыскы издөөлөрүңөр үчүн Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүп койгону – Анын белгилеринен. Балким, (Аллахка) шүгүр кылаарсыңар.

47 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ رُسُلًا إِلَى قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَانْتَقَمْنَا مِنَ الَّذِينَ أَجْرَمُوا وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

Чындыгында, сенден мурун да алардын коомуна элчилерди жибергенбиз. Ошентип (элчилерибиз) аларга далилдер менен келишкен. Ошондо алардын күнөөкөрлөрүнөн өч алдык (жок кылдык). Анткени, момундарга жардам берүү – Биздин милдет.

48 اللَّهُ الَّذِي يُرْسِلُ الرِّيَاحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَيَبْسُطُهُ فِي السَّمَاءِ كَيْفَ يَشَاءُ وَيَجْعَلُهُ كِسَفًا فَتَرَى الْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَالِهِ فَإِذَا أَصَابَ بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ

Аллах шамалдарды жиберет да, булуттарды жылдырып, аны Өз каалоосу бойунча асманга жайат. Булуттарды кыймылга келтирип турат. Ошондо алардын ортолорунан жамгырдын чыкканын көрөсүң. Ал жамгырды пенделеринен каалаганына жеткирет. Ошол убакта алар кубанычка ээ болот.

49 وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلِ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ مِنْ قَبْلِهِ لَمُبْلِسِينَ

Чындыгында, алар өздөрүнө жамгыр келүүдөн алда канча мурун эле күдөр үзгөн болчу.

50 فَانْظُرْ إِلَى آثَارِ رَحْمَتِ اللَّهِ كَيْفَ يُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا إِنَّ ذَلِكَ لَمُحْيِي الْمَوْتَى وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Аллахтын ырайымынын издерине кара: Жер жүзү өлгөндөн кийин аны кандай жандандырды! Акыйкатта, Ал – өлүктөрдү тирилтет. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!

51 وَلَئِنْ أَرْسَلْنَا رِيحًا فَرَأَوْهُ مُصْفَرًّا لَظَلُّوا مِنْ بَعْدِهِ يَكْفُرُونَ

Албетте, эгер (Биз) шамал жиберсек, алар эгиндеринин саргайганын көрсө да…, андан кийин да каапырлык кылышат.

a. Апаатка сабыр кылбайт

52 فَإِنَّكَ لَا تُسْمِعُ الْمَوْتَى وَلَا تُسْمِعُ الصُّمَّ الدُّعَاءَ إِذَا وَلَّوْا مُدْبِرِينَ

(Эй, Мухаммед!) Чындыгында, сен өлүктөргө уктура албайсың. Ошондой эле, жүз буруп, кетип бараткан дүлөйлөргө да чакырыкты угуза албайсың.

53 وَمَا أَنْتَ بِهَادِ الْعُمْيِ عَنْ ضَلَالَتِهِمْ إِنْ تُسْمِعُ إِلَّا مَنْ يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ مُسْلِمُونَ

Сокурду да адашкан багытынан туура жолго сала албайсың. Айаттарыбызга ыйман келтирип, мойун сунган адамдарга гана уктура аласың.

54 اللَّهُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ ضَعْفٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ ضَعْفٍ قُوَّةً ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ ضَعْفًا وَشَيْبَةً يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَهُوَ الْعَلِيمُ الْقَدِيرُ

Аллах – силерди алсыз суудан жаратып, анан алсыздыктан кийин күч берет. Анан күчтөн кийин кайра алсыратып, картайтат. Ал Өзү каалгандай жаратат. Анткени, Ал – Кабардар, Кудуреттүү!

a. Адам наристе кезинде абдан алсыз болуп, эр жеткенде жалтанбаган күчкө толуп, картайган кезде кайра алсырайт.

55 وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يُقْسِمُ الْمُجْرِمُونَ مَا لَبِثُوا غَيْرَ سَاعَةٍ كَذَلِكَ كَانُوا يُؤْفَكُونَ

Кыйамат күнү күнөөкөрлөр (кабырда) бир «саатан көп турганыбыз жок» деп ант ичишет. Алар дүйнө жашоосунда да ошентип адашкан болчу.

56 وَقَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَالْإِيمَانَ لَقَدْ لَبِثْتُمْ فِي كِتَابِ اللَّهِ إِلَى يَوْمِ الْبَعْثِ فَهَذَا يَوْمُ الْبَعْثِ وَلَكِنَّكُمْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Ал эми билимдүүлөр менен ыйман келтиргендер: «Чындыгында, Аллахтын алдындагы тириле турган күнгө чейин турдуңар. Тириле турган күн ушул. Бирок, силер билбейт элеңер»,–дешет.

57 فَيَوْمَئِذٍ لَا يَنْفَعُ الَّذِينَ ظَلَمُوا مَعْذِرَتُهُمْ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

Ошол күнү зулумдук кылгандардын шылтоолору пайда бербейт. Алар жемелөөгө да алынбайт.

a. Сестендирүүчү эскертүүлөр да жасалбайт. Анткени анын ага баары бир пайдасы жок болот. Аларды жаза гана күтүп турган болот

58 وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِي هَذَا الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ وَلَئِنْ جِئْتَهُمْ بِآيَةٍ لَيَقُولَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا مُبْطِلُونَ

Чындыгында, бул Куранда адам баласы үчүн ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Аларга бир белги келтирсең да, каапырлар: «Силер бузуку ганасыңар», – дешет.

59 كَذَلِكَ يَطْبَعُ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

Ошентип, Аллах билбегендердин жүрөктөрүн мөөрлөп салат.

a. Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билүүнү каалабагандардын b. Куранды түшүнбөй турган кылып, кулпулап, бекитип...

60 فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ الَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ

(Эй, Мухаммед!) Эми сабыр кыл. Анын убадасы акыйкат! Ишенбегендер сени жеңил санашпасын!.

a. Чыныгы тамашаны Кыйамат Күнү көрүшөт!