41 رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ
Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган Күндө кечир”, – (деди).
a. Кыйамат күнү.
41 رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ
Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган Күндө кечир”, – (деди).
a. Кыйамат күнү.
42 وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ
Аллах заалымдардын иштеринен капарсыз экен деп ойлобо! Акыйкатта, Ал алардын көздөрү чанагынан чыга турган Күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат.
43 مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ
Алар чанагынан чыккан көздөрү, бош калган жүрөктөрү менен баштарын көтөрүп, алдыга карай жүткүнүшөт.
44 وَأَنْذِرِ النَّاسَ يَوْمَ يَأْتِيهِمُ الْعَذَابُ فَيَقُولُ الَّذِينَ ظَلَمُوا رَبَّنَا أَخِّرْنَا إِلَى أَجَلٍ قَرِيبٍ نُجِبْ دَعْوَتَكَ وَنَتَّبِعِ الرُّسُلَ أَوَلَمْ تَكُونُوا أَقْسَمْتُمْ مِنْ قَبْلُ مَا لَكُمْ مِنْ زَوَالٍ
Андыктан, аларга азап келе турган Күндү эскерт. Ошондо заалымдар: “Эгебиз! Бизди жакын мөөнөткө чейин кечиктире көр. Чакырууңа баш ийип, пайгамбарларыңды ээрчийбиз”, – дешет. “Мурун силер ойрон болбойбуз деп ант берген жок белеңер?” – (делинет).
45 وَسَكَنْتُمْ فِي مَسَاكِنِ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ وَتَبَيَّنَ لَكُمْ كَيْفَ فَعَلْنَا بِهِمْ وَضَرَبْنَا لَكُمُ الْأَمْثَالَ
Силер өздөрүнө заалымдык кылгандардын журттарында өмүр өткөрдүңөр. Аларга Биз кандай кылганыбыз силерге маалым болду. Силерге (үлгү болчу) мисалдарды келтирдик.
46 وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِنْدَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِنْ كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ
Алар түрдүү айла-амалдарды кылышты. Ал эми Аллах алардын айла-амалдарын алар тоону козголтоор болсо дагы ишке ашыртпай койот.
47 فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
Аллах пайгамбарларына берген убадасынан тайат деп (эч) ойлобо. Чынында, Аллах Кудуреттүү, Өч алчу.
48 يَوْمَ تُبَدَّلُ الْأَرْضُ غَيْرَ الْأَرْضِ وَالسَّمَاوَاتُ وَبَرَزُوا لِلَّهِ الْوَاحِدِ الْقَهَّارِ
Ал Күнү жер башка жерге, асмандар да башкага алмаштырылат. Алар Жалгыз, Каардуу Аллахтын алдына чыгышат!
49 وَتَرَى الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ مُقَرَّنِينَ فِي الْأَصْفَادِ
Ошол Күнү күнөөкөрлөрдүн чынжырларга байланганын көрөсүң.
50 سَرَابِيلُهُمْ مِنْ قَطِرَانٍ وَتَغْشَى وُجُوهَهُمُ النَّارُ
Алардын көйнөктөрү кара майдан болот, беттерин от каптайт.
51 لِيَجْزِيَ اللَّهُ كُلَّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
(Бул), Аллах ар бир жанды жасаган (күнөөлөрүнө) жазалоо үчүн. Чынында, Аллах бат эсептешүүчү.
52 هَذَا بَلَاغٌ لِلنَّاسِ وَلِيُنْذَرُوا بِهِ وَلِيَعْلَمُوا أَنَّمَا هُوَ إِلَهٌ وَاحِدٌ وَلِيَذَّكَّرَ أُولُو الْأَلْبَابِ
Бул – адамдарга жеткирүү. Бул аркылуу сестенишсин, Аллахтын жалгыз Кудай экенин билишсин. Жана акыл калчагандар насаат алышсын.
a. Куран. b. Адамдар Аллахтын өкүмдөрүн жеткирүү үчүн түшүрүлгөн.