бөлүм Ибрахим - إبراهيم

21 وَبَرَزُوا لِلَّهِ جَمِيعًا فَقَالَ الضُّعَفَاءُ لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًا فَهَلْ أَنْتُمْ مُغْنُونَ عَنَّا مِنْ عَذَابِ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ قَالُوا لَوْ هَدَانَا اللَّهُ لَهَدَيْنَاكُمْ سَوَاءٌ عَلَيْنَا أَجَزِعْنَا أَمْ صَبَرْنَا مَا لَنَا مِنْ مَحِيصٍ

Алардын баарысы Аллахтын алдына чыгып келишет. Алсыздары менменсингендерге (кайрылып): “Чынында, биз силерди ээрчидик эле. Силер жок дегенде бизди Аллахтын жазасынын азыраагынан куткара аласыңарбы?” – дешет. Анда тигилер: “ Эгер Аллах бизди туура жолго багыттаганда, биз да силерди багыттаар элек. Азыр биз сабырсыздансак да, чыдасак да баары бир. Бизге кутулуу жок”, – дешет.

a. Мүрзөлөрүнөн.

22 وَقَالَ الشَّيْطَانُ لَمَّا قُضِيَ الْأَمْرُ إِنَّ اللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ الْحَقِّ وَوَعَدْتُكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيْكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا أَنْ دَعَوْتُكُمْ فَاسْتَجَبْتُمْ لِي فَلَا تَلُومُونِي وَلُومُوا أَنْفُسَكُمْ مَا أَنَا بِمُصْرِخِكُمْ وَمَا أَنْتُمْ بِمُصْرِخِيَّ إِنِّي كَفَرْتُ بِمَا أَشْرَكْتُمُونِ مِنْ قَبْلُ إِنَّ الظَّالِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Иш бүткөн соң, шайтан: “Ырасында, Аллах силерге чындыкты убада кылды. Мен да убада кылдым, (бирок) силерди алдадым. Менде силерди чакыргандан (азгыргандан) башка бийлигим жок эле. Ошентсе да, чакыруумду кабыл алдыңар. Андыктан мени жемелебестен, өзүңөрдү жемелегиле. Мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Чынында, мен мурда эле мени Аллахка шерик кылууңарга каршы болчумун”, – дейт. Албетте, заалымдарга оорутуучу азап (бар).

a. Бейишке кире тургандар Бейишке, ал эми Тозокко кире тургандар Тозокко кирген соң.

23 وَأُدْخِلَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ تَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَامٌ

Ыйман келтиргендер, жакшы иш кылгандар Эгесинин уруксаты менен ичинде түбөлүк кала турган, алдынан дарыйалар аккан бейиштерге киргизилет. Алардын Бейиштеги амандашуулары: “Салам!” – болот.

a. Тынчтык.

24 أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاءِ

Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн, мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү?

a. “Лаа илааха иллАллахаху” сөзү.

25 تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Ал (дарак) Эгесинин буйругу менен бардык убактарда мөмө берет. Насаат алуулары үчүн Аллах адамдарга мына ушундай мисалды келтирет.

26 وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ اجْتُثَّتْ مِنْ فَوْقِ الْأَرْضِ مَا لَهَا مِنْ قَرَارٍ

Ал эми жаман сөз – тамырлары жерден ажыраган жаман дарак сыйактуу.

a. Аллахка шерик кошкон, ыймансыз, каапырлык сөздөр.

27 يُثَبِّتُ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا بِالْقَوْلِ الثَّابِتِ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ وَيُضِلُّ اللَّهُ الظَّالِمِينَ وَيَفْعَلُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ

Аллах ыйман келтиргендерди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жакшы сөзгө бекем кылат. Бирок, Аллах ишенбеген заалымдарды адаштырат. Аллах эмнени кааласа, ошону жасайт.

a. Жакшы сөздөрдүн эң мыктысы: “Бир Аллахдан башка кудай жок, Мухаммед Анын элчиси” (Лаа илаха иллал-лааху, Мухаммадур-расулул-лаахи), – деп келме келтириш.

28 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ بَدَّلُوا نِعْمَتَ اللَّهِ كُفْرًا وَأَحَلُّوا قَوْمَهُمْ دَارَ الْبَوَارِ

Аллахтын берген жакшылыктарын шүгүр кылууну каапырлыкка алмаштырган жана коомдорун кыйроо жайына алып баргандарды көрбөдүңбү?

a. Шүгүр кылууну.

29 جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا وَبِئْسَ الْقَرَارُ

Алар тозокко киришет. Ал кандай жаман жай.

30 وَجَعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلُّوا عَنْ سَبِيلِهِ قُلْ تَمَتَّعُوا فَإِنَّ مَصِيرَكُمْ إِلَى النَّارِ

Адамдарды Анын жолунан адаштыруу үчүн алар Аллах менен бирге башкаларга да табынышты. Аларга: “Жыргай тургула! Кайтаар орундарыңар тозок” – деп айт.

a. Аллахтын дининен.

31 قُلْ لِعِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا يُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خِلَالٌ

Ыйман келтирген пенделериме: “Намазды (өз убагында) окушсун. Биз берген ырыскылардан жашыруун жана ашкере да, сатып алуу да, достук да болбой кала турган Күн жетип келгенге чейин тийиштүү орунга жумшашсын”, – деп айт.

32 اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْفُلْكَ لِتَجْرِيَ فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْأَنْهَارَ

Аллах асмандар менен жерди жаратып, асмандан жамгыр жаадырат жана аны менен силердин ырыскыланууңар үчүн мөмө жемиштерди чыгарды. Деңизде Анын уруксаты менен сүзүп жүрсүн үчүн силерге кемени башкартты. Ошондой эле дарыйаларды да силерге баш ийдирди.

a. Каалагандай пайдаланасыңар.

33 وَسَخَّرَ لَكُمُ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ دَائِبَيْنِ وَسَخَّرَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ

Ал силер үчүн Күндү жана Айды башкарды, алар токтоосуз айланышат. Ошондой эле силерге түн менен күндүздү да башкарып берди.

34 وَآتَاكُمْ مِنْ كُلِّ مَا سَأَلْتُمُوهُ وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَتَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا إِنَّ الْإِنْسَانَ لَظَلُومٌ كَفَّارٌ

Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Аллахтын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар. Акыйкатта, инсан заалым жана шүгүр келтирбейт.

a. Өз жанына көп зулум кылат.

35 وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَذَا الْبَلَدَ آمِنًا وَاجْنُبْنِي وَبَنِيَّ أَنْ نَعْبُدَ الْأَصْنَامَ

Ибрахим: “Эгем! Бул калааны тынч кыл! Мени жана уулдарымды буддарга табынуудан сакта!” – дегенин эсте.

a. Меккени

36 رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضْلَلْنَ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ فَمَنْ تَبِعَنِي فَإِنَّهُ مِنِّي وَمَنْ عَصَانِي فَإِنَّكَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

“Эгем, алар көптөгөн элдерди (жолдон) адаштырышты. Ким мени ээрчисе – ал менден, а ким баш ийбесе – анда акыйкатта Сен Кечирүүчү, Мээримдүүсүң!

a. Күнөөкөр болсо.

37 رَبَّنَا إِنِّي أَسْكَنْتُ مِنْ ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيْرِ ذِي زَرْعٍ عِنْدَ بَيْتِكَ الْمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُوا الصَّلَاةَ فَاجْعَلْ أَفْئِدَةً مِنَ النَّاسِ تَهْوِي إِلَيْهِمْ وَارْزُقْهُمْ مِنَ الثَّمَرَاتِ لَعَلَّهُمْ يَشْكُرُونَ

Эгебиз! Урпактарымдын кээ бирин эгин өспөгөн өрөөнгө, Сенин Ыйык /йүңдүн жанына, алар намаз окуу үчүн көчүрүп келдим. Адамдардын жүрөгүнө аларга карата мээрим сал, жемиштер менен ырыскыландыр, алар шүгүр кылышсын.

a. Исмаиил жана анын апасы. b. Эскиден келе жаткан адамдар Сага сыйынчу жай.

38 رَبَّنَا إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا نُخْفِي وَمَا نُعْلِنُ وَمَا يَخْفَى عَلَى اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ

Оо Эгебиз! Чындыгында, Сен жашыруун, ашкерелерибизди билесиң. Жердеги, асмандагы нерселер Аллахка жашыруун эмес.

39 الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي وَهَبَ لِي عَلَى الْكِبَرِ إِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ إِنَّ رَبِّي لَسَمِيعُ الدُّعَاءِ

Улгайган чакта Исмаиил менен Исхакты берген Аллахка мактоо! Акыйкатта, Эгем тилектерди Угуучу.

40 رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ

Оо Эгем! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. Эгебиз! Тилегибизди кабыл кыл.