бөлүм Раад - الرعد

1 المر تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ وَالَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ الْحَقُّ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ

Алиф, Лам, Мим, Раа. Бул Китептин айаттары. Эгең тарабынан сага жөнөтүлгөн акыйкат. Бирок адамдардын көпчүлүгү ага ишенишпейт.

a. Маанилери бир Аллахка маалым. b. Куран.

2 اللَّهُ الَّذِي رَفَعَ السَّمَاوَاتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى يُدَبِّرُ الْأَمْرَ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ بِلِقَاءِ رَبِّكُمْ تُوقِنُونَ

Аллах асмандарды тирөөсүз көтөрүп койду. Андан соң Аршка ээлик кылып, Күн менен Айды башкарды. Алардын баары белгилүү мөөнөткө чейин жүрөт. Ал силер өзүңөрдүн Эгеңер менен кездешүүңөргө ишенүүңөр үчүн, бардык иштерди башкарат жана айаттарын түшүндүрөт.

3 وَهُوَ الَّذِي مَدَّ الْأَرْضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنْهَارًا وَمِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ جَعَلَ فِيهَا زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Ал жерди жайып төшөгөн, анын үстүнө тоолорду кадап, дарыйаларды жасаган. Ар бир мөмө жемишти Ал жуп кылып жараткан. Күндүздү түн менен жапкан. Акыйкатта, мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.

4 وَفِي الْأَرْضِ قِطَعٌ مُتَجَاوِرَاتٌ وَجَنَّاتٌ مِنْ أَعْنَابٍ وَزَرْعٌ وَنَخِيلٌ صِنْوَانٌ وَغَيْرُ صِنْوَانٍ يُسْقَى بِمَاءٍ وَاحِدٍ وَنُفَضِّلُ بَعْضَهَا عَلَى بَعْضٍ فِي الْأُكُلِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Жер үстүндө катарлаш турган талаалар, жүзүм бактары, эгиндер, кошмок жана жалгыз курма дарактары бар. Баары бир суу менен сугарылат, бирок Биз алардын биринин даамын экинчисинен жакшы кылабыз. Акыйкатта, мында акыл калчаган адамдар үчүн белгилер бар.

a. Тамыры бир.

5 وَإِنْ تَعْجَبْ فَعَجَبٌ قَوْلُهُمْ أَإِذَا كُنَّا تُرَابًا أَإِنَّا لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ أُولَئِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ وَأُولَئِكَ الْأَغْلَالُ فِي أَعْنَاقِهِمْ وَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Эгер сен таң калсаң, алардын сөздөрү андан да таң калаарлык: “Биз топуракка айланган соң кайрадан кандайча тирилмек белек?” (дешет.) Булар Эгесине каапыр болгондор. Алардын мойундарында чынжырлар болот, алар тозок ээлери. Алар анда түбөлүк болушат.

a. Тозокко түшүүчүлөр.

6 وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالسَّيِّئَةِ قَبْلَ الْحَسَنَةِ وَقَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِمُ الْمَثُلَاتُ وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍ لِلنَّاسِ عَلَى ظُلْمِهِمْ وَإِنَّ رَبَّكَ لَشَدِيدُ الْعِقَابِ

Алар жамандыктан мурун жамандыкка шашылышат. Буларга окшогондордун жазасы мурун да (болуп) өткөн. Акыйкатта, Эгең алардын заалым экенине карабай кечирет. Бирок, Эгеңдин жазасы катуу.

a. Ырайым. b. Азап.

7 وَيَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ إِنَّمَا أَنْتَ مُنْذِرٌ وَلِكُلِّ قَوْمٍ هَادٍ

Каапырлар: “Эгесинен ага бир белги келбейби?” – дешет. Чынында сен эскертүүчү ганасың. Ар бир элде (түз жолго) баштоочу бар.

a. Керемет.

8 اللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَحْمِلُ كُلُّ أُنْثَى وَمَا تَغِيضُ الْأَرْحَامُ وَمَا تَزْدَادُ وَكُلُّ شَيْءٍ عِنْدَهُ بِمِقْدَارٍ

Аллах ар бир ургаачынын курсагындагыны жана анын канчалык кемип, же өсүп жаткандыгын билет. Анын алдында баарынын өлчөмү бар.

9 عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ الْكَبِيرُ الْمُتَعَالِ

Ал жашыруунду жана ачыкты билет. Ал Улук жана Бийик.

10 سَوَاءٌ مِنْكُمْ مَنْ أَسَرَّ الْقَوْلَ وَمَنْ جَهَرَ بِهِ وَمَنْ هُوَ مُسْتَخْفٍ بِاللَّيْلِ وَسَارِبٌ بِالنَّهَارِ

(Ага) ойун жашырып тургандар да, сүйлөп жаткандар да, түндө жашырынгандар да, күндүзү ачык чыккандар да баары бирдей.

a. Анткени Ал баарын көрүп жана алардын эмне ойлоп тургандарын билип турат.

11 لَهُ مُعَقِّبَاتٌ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ يَحْفَظُونَهُ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءًا فَلَا مَرَدَّ لَهُ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ

Анын алдынан да, артынан да Аллахтын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрө турган (периштелер) бар. Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Аллах аны өзгөртпөйт. Эгерде Аллах коомду жазаламакчы болсо, анда Анын Өзүнөн башка эч бир кайтаруучу жок. Алар үчүн Андан башка эч бир жардамчы да жок.

a. “Урматтуу мусулман! Сиз коомдун оңолушун, жакшырышын каалап, ошого аракет кылып жатасызбы? Анда биринчи өзүңүздөн баштап, өзүңүздү оңдоңуз” (котормочу).

12 هُوَ الَّذِي يُرِيكُمُ الْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنْشِئُ السَّحَابَ الثِّقَالَ

Ал силерге чагылганды көргөзөт, анда коркунуч менен үмүт бар. Ал (жамгырлуу) оор булуттарды пайда кылат.

13 وَيُسَبِّحُ الرَّعْدُ بِحَمْدِهِ وَالْمَلَائِكَةُ مِنْ خِيفَتِهِ وَيُرْسِلُ الصَّوَاعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَنْ يَشَاءُ وَهُمْ يُجَادِلُونَ فِي اللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ الْمِحَالِ

Күндүн күркүрөшү Аны мактап, аруулайт. Андан коркуп, периштелер да (аруулашат). Ал чагылганды жиберип, каалаганына тийгизет. Алар Аллах жөнүндө талашышат. Ал азаптоодо күчтүү.

14 لَهُ دَعْوَةُ الْحَقِّ وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَسْتَجِيبُونَ لَهُمْ بِشَيْءٍ إِلَّا كَبَاسِطِ كَفَّيْهِ إِلَى الْمَاءِ لِيَبْلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَالِغِهِ وَمَا دُعَاءُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ

Чыныгы чакыруу Ага гана. Алардын Андан башка тиленгендери: бирөө сууга колун созуп, (алаканын жайып) оозуна жеткирүүнү каалаганда суу жетпеген өңдүү эле, аларга эч жооп бербейт. Каапырлардын табынуусу адашуу гана.

a. Инсандарды Аллахтын динине чакырып, Ал жалгыз экенин жеткирүү жөнүндө сөз болууда. b. Жалган кудайлары, же сөлөкөттөрү.

15 وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَظِلَالُهُمْ بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ

Асмандар менен жердегинин ар бири жана алардын көлөкөлөрү да Аллахка эрки менен да, эрксиз түрдө эртели-кеч сежде кылышат.

a. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

16 قُلْ مَنْ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ قُلِ اللَّهُ قُلْ أَفَاتَّخَذْتُمْ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ لَا يَمْلِكُونَ لِأَنْفُسِهِمْ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَى وَالْبَصِيرُ أَمْ هَلْ تَسْتَوِي الظُّلُمَاتُ وَالنُّورُ أَمْ جَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ خَلَقُوا كَخَلْقِهِ فَتَشَابَهَ الْخَلْقُ عَلَيْهِمْ قُلِ اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ

Алардан: “Асмандардын жана жердин Эгеси ким?” – деп сура да: “Аллах!” деп айткын! “Силер Аны койуп, өзүңөргө жардам да, зыйан да келтире албай турган башкаларды коргоочу кылып алдыңарбы?” – дегин! “Сокур менен көзү соо, же караңгы менен жарык барабарбы?!” – дегин! Же алар Аллахка шериктерди кошуштубу, Ал жараткан сымал жаратыштыбы, анан ошол жаратуу аларга окшоштубу?! “Аллах бардык нерселердин жаратуучусу”, – дегин! Ал Жалгыз, Каардуу!

17 أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَسَالَتْ أَوْدِيَةٌ بِقَدَرِهَا فَاحْتَمَلَ السَّيْلُ زَبَدًا رَابِيًا وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيْهِ فِي النَّارِ ابْتِغَاءَ حِلْيَةٍ أَوْ مَتَاعٍ زَبَدٌ مِثْلُهُ كَذَلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْحَقَّ وَالْبَاطِلَ فَأَمَّا الزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَاءً وَأَمَّا مَا يَنْفَعُ النَّاسَ فَيَمْكُثُ فِي الْأَرْضِ كَذَلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ

Дарыйалар өз деңгээлинде толсун үчүн Ал асмандан жамгыр жаадырат, а көбүктөр анын үстү менен агып келет. Кооздук жасалга, же буйумдарды жасоо үчүн оттун үстүндө эриткенде да ушундай көбүк болот. Аллах чындык менен жалганды мына ушундайча мисал кылат. Көбүк жел өңдүү жок болот, ал эми адамдарга пайдалуулар жер үстүндө кала берет. Аллах мына ушинтип мисалдарды көргөзүп келтирет.

18 لِلَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِرَبِّهِمُ الْحُسْنَى وَالَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُ لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ أُولَئِكَ لَهُمْ سُوءُ الْحِسَابِ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمِهَادُ

Эгесине баш ийип ишенгендер үчүн жакшы нерсе дайардалган. Ал эми Аны укпагандар – аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баары тиешелүү болуп жана дагы ошончолук бар болсо да, алар ошонун барын берип кутулууну каалай тургандарга катуу эсеп-кысап болот. Алардын жайы тозок. Кандай жаман жай!

a. Бейиш.

19 أَفَمَنْ يَعْلَمُ أَنَّمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ الْحَقُّ كَمَنْ هُوَ أَعْمَى إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ

Ырас эле, Эгең тарабынан сага түшүрүлгөндү чындык деп билген (киши) сокур (чындыкты билбеген) сыйактуубу? Бирок муну акыл жүгүрткөндөр гана эске алышат.

20 الَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهْدِ اللَّهِ وَلَا يَنْقُضُونَ الْمِيثَاقَ

Алар Аллахка берген убадаларын аткаргандар жана анттарын бузбагандар.