бөлүм Раад - الرعد

21 وَالَّذِينَ يَصِلُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ وَيَخَافُونَ سُوءَ الْحِسَابِ

Алар Аллах бириктирүүнү буйруганды бириктиришет жана Эгесинен коркушуп, эсептин жаман болушунан кооптонушат.

a. Ыйманга келүү, туугандар менен болгон тыгыз мамиле ж.б.у.с.

22 وَالَّذِينَ صَبَرُوا ابْتِغَاءَ وَجْهِ رَبِّهِمْ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً وَيَدْرَءُونَ بِالْحَسَنَةِ السَّيِّئَةَ أُولَئِكَ لَهُمْ عُقْبَى الدَّارِ

Алар Эгесинин ыраазылыгын издеп, сабыр кылгандар, намаз окугандар, Биз аларга берген ырыскылардан жашыруун жана ачык сарптагандар, жакшылык аркылуу жамандыкты жойгондор. Акырет жайы – мына ушулардыкы.

a. Аллахтын ыраазылыгы үчүн жардам, кайыр-садага, зекет, үшүр бергендер.

23 جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا وَمَنْ صَلَحَ مِنْ آبَائِهِمْ وَأَزْوَاجِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ وَالْمَلَائِكَةُ يَدْخُلُونَ عَلَيْهِمْ مِنْ كُلِّ بَابٍ

Алар Адн бейишине киришет. Такыба ата-бабалары, жубайлары жана урпактары да (киришет). Периштелер бардык эшиктерден (ар тараптан) киришет.

a. Адн – түбөлүк жаштык, ыракат, жылгалдар жайы. b. Куттуктоо үчүн.

24 سَلَامٌ عَلَيْكُمْ بِمَا صَبَرْتُمْ فَنِعْمَ عُقْبَى الدَّارِ

(Алар:) “Сабырдуу болгонуңар үчүн, силерге салам (тынчтык болсун)! Акыркы жайдын акыбети кандай сонун!” – (дешет.)

25 وَالَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ أُولَئِكَ لَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ

Аллах менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Аллах бириктирүүгө буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндө бузукулук кылгандар – мына ушуларга наалат. Алар үчүн – жаман жай (дайардалган).

26 اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَفَرِحُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا مَتَاعٌ

Аллах каалагандарына ырыскы берет, (аны) чектеп да коет. Алар бул дүйнөдөгү жашоого ыракаттанышат. Бирок, бул дүйнөдөгү жашоо тиги дүйнөдөгүгө караганда өтө кыска ырахат.

27 وَيَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ قُلْ إِنَّ اللَّهَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي إِلَيْهِ مَنْ أَنَابَ

Каапырлар: “Ага Эгесинен белги түшпөйбү?” - дешет. “Акыйкатта, Аллах кимди кааласа адаштырат, Өзүнө кайрылгандарды туура жолго салат” – дегин.

a. Пайгамбарга. b. Кереметтер.

28 الَّذِينَ آمَنُوا وَتَطْمَئِنُّ قُلُوبُهُمْ بِذِكْرِ اللَّهِ أَلَا بِذِكْرِ اللَّهِ تَطْمَئِنُّ الْقُلُوبُ

Ыймандуулар – Аллахны эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Аллахны эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.

29 الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ طُوبَى لَهُمْ وَحُسْنُ مَآبٍ

Ыйманга келип, жакшылык кылгандарга “жакшылык” жана сонун жай ыроолонот.

a. «Тууба» - сөзү да бирден көп мааниге ээ болуп, экинчи мааниси Бейиштеги даракты билдирет.

30 كَذَلِكَ أَرْسَلْنَاكَ فِي أُمَّةٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهَا أُمَمٌ لِتَتْلُوَ عَلَيْهِمُ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ وَهُمْ يَكْفُرُونَ بِالرَّحْمَنِ قُلْ هُوَ رَبِّي لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ مَتَابِ

Биз сага айан кылып жибергенди аларга окуп берүүң үчүн мурунку үммөттөр сыйактуу эле сени да бир үммөткө элчи кылып жөнөттүк. Бирок алар Мээримдүүгө ишенишпейт. Аларга: “Ал менин Эгем. Андан башка Кудай жок. Ага гана тобокел кыламын. Ага кайтуум(шексиз)” – дегин.

a. Куран. b. Аллахка. c. Тайанамын.

31 وَلَوْ أَنَّ قُرْآنًا سُيِّرَتْ بِهِ الْجِبَالُ أَوْ قُطِّعَتْ بِهِ الْأَرْضُ أَوْ كُلِّمَ بِهِ الْمَوْتَى بَلْ لِلَّهِ الْأَمْرُ جَمِيعًا أَفَلَمْ يَيْأَسِ الَّذِينَ آمَنُوا أَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَهَدَى النَّاسَ جَمِيعًا وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا تُصِيبُهُمْ بِمَا صَنَعُوا قَارِعَةٌ أَوْ تَحُلُّ قَرِيبًا مِنْ دَارِهِمْ حَتَّى يَأْتِيَ وَعْدُ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ

Эгер тоолорду ордунан жылдыра турган, жерди жарып ажырата турган, же өлгөндөрдү сүйлөтө турган Куран келтирилсе да (алар ыйман келтиришмек эмес). Бирок, бардык бийлик Аллахка таандык. Эгер Аллах кааласа бардык адамдарды туура жолго салаарын ыймандуулар билишпейби? Аллахтын убадасы аткарылганга чейин каапырларга алардын кылгандары үчүн улам талкалоочу кырсык келет, же алардын турагынын жанына түшөт. Эч качан, Аллах убадасын бузбайт.

32 وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَمْلَيْتُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ فَكَيْفَ كَانَ عِقَابِ

Сага чейин да көптөгөн пайгамбарлар шылдыңдалган. Бирок Мен каапырларга мөөнөтүн узарткам. Андан соң аларды азапка салдым. Менин азабым кандай болду.

33 أَفَمَنْ هُوَ قَائِمٌ عَلَى كُلِّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ وَجَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ قُلْ سَمُّوهُمْ أَمْ تُنَبِّئُونَهُ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي الْأَرْضِ أَمْ بِظَاهِرٍ مِنَ الْقَوْلِ بَلْ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا مَكْرُهُمْ وَصُدُّوا عَنِ السَّبِيلِ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ

Ал ар бир жандын эмне кылып жатканын билип турбайбы?! А алар Аллахка шерик кошушат. “Алардын аттарын айтып бергиле”, – дегин. Ага жер үстүндө Ал билбеген бир нерсени көрсөтүүнү каалайсыңарбы? Же бул болбогон сөзбү? Жо-ок. Каапырларга өздөрүнүн амалкөйлүгү көркөм көрүнөт, алар ошол себептүү жолдон тайышты. Аллах кимди туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу жок!

a. Аллах.

34 لَهُمْ عَذَابٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَشَقُّ وَمَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَاقٍ

Алар үчүн бул дүйнө жашоосунда азап бар! Ал эми, акыреттин азабы машакаттураак! Эч ким аларды Аллахтан сактап (куткарып) кала албайт!

35 مَثَلُ الْجَنَّةِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ أُكُلُهَا دَائِمٌ وَظِلُّهَا تِلْكَ عُقْبَى الَّذِينَ اتَّقَوْا وَعُقْبَى الْكَافِرِينَ النَّارُ

Такыбаларга убада кылынган Бейиштин сыпаты: Анын алдында өзөн-дарыйалар агып турат. Алардын бардык жемиштери жана көлөкөсү да түбөлүктүү. Бул такыбалардын акыбети. А каапырлардын акыбети – тозок.

a. Натыйжасы.

36 وَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَفْرَحُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمِنَ الْأَحْزَابِ مَنْ يُنْكِرُ بَعْضَهُ قُلْ إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ وَلَا أُشْرِكَ بِهِ إِلَيْهِ أَدْعُو وَإِلَيْهِ مَآبِ

Биз Китеп бергендер сага түшүрүлгөнгө кубанышат. Ал эми топтордун ичинен бирөөлөрү анын бир бөлүгүн жокко чыгарышат. “Акыйкатта, мага Аллахка сыйынуу жана Ага шерик кошпоо буйрулган. Мен Аллахка чакырамын жана кайтуум (да) Ага!

a. Иудейлер жана христиандар. Аларга Тоорат менен Инжил түшүрүлгөн. b. Курандын. c. Сыйынууга.

37 وَكَذَلِكَ أَنْزَلْنَاهُ حُكْمًا عَرَبِيًّا وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَمَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا وَاقٍ

Ушинтип, Биз аны араб тилинде, өкүм түрүндө түшүрдүк. Сага илим келгенден кийин, сен алардын каалоолоруна ээрчисең, сага Аллахдан башка жардамчы да, коргоочу да табылбайт.

a. Куранды.

38 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَاجًا وَذُرِّيَّةً وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَنْ يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ لِكُلِّ أَجَلٍ كِتَابٌ

Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөткөнбүз жана аларга жубайлар менен урпактарды бергенбиз. Аллахтын уруксатысыз эч бир пайгамбар айат келтире албайт. Ар бир учур үчүн өзүнүн Китеби болгон.

39 يَمْحُو اللَّهُ مَا يَشَاءُ وَيُثْبِتُ وَعِنْدَهُ أُمُّ الْكِتَابِ

Аллах каалаганын өзгөртөт жана бекемдейт. Анда китептердин энеси(турат).

a. Эч кимдин колу жете албаган, өзгөрбөй турган китеп.

40 وَإِنْ مَا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَعَلَيْنَا الْحِسَابُ

Биз аларга убада кылгандардын айрымдарын сага көрсөтсөк да, же сени жан таслим кылсак да, сага (Аллахтын кабарларын) жеткирүү гана милдет! Ал эми эсеби – Бизге (таандык)!