Нике жашоосу

Нике жашоосу

Нике жашоосу
1 Нике – бул убада, антташуу, милдеттенме жана жубайлар баалай турган жана сакташы керек болгон бекем байланыш.
2 Исламда нике жашоосу- сүйүү, урматтоо, кызматташтык жана укуктарды сактоого негизделген.
3 Аллах Таала айтты: «Ал силерге бейпилдик табууңар үчүн өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана ортоңордо сүйүү жана мээримдүүлүк пайда кылды.»
4 Жубайлардын ортосундагы мээрим жана кайрымдуулук - ынтымак менен бейпилдик, сүйүү менен мээримдүүлүк, бакыт жана тынчтык.
5 Жубайлардын экөө тең мусулман болгондуктан, алардын ортосундагы мамиле никеден мурун ыйманга негизделген болуп саналат.
6 Исламдагы үй-бүлөлүк жашоо -исламий көрсөтмөлөрдүн тынчтыгы, бейпилдиги жана туруктуулугу менен мүнөздөлөт.
7 Боорукерлик жана жумшактык - үй-бүлөдөгү эң жакшы мамилелерден болуп саналат. «Кайсы нерседе жумшактык болсо, аны көрктүү кылат жана кайсы нерседен ал тартылып алынса, аны булгайт. » (хадис)
8 Жубайлардын ортосундагы сүйүүнүн узак болушу үчүн акча, сулуулук жана теги аздык кылат, бирок дин жана адеп-ахлак биринчи орунда турат.