Ислам дининин артыкчылыктары:
1.Бардык диндердин акыркысы жана өзүнө чейинки диндерди жараксыз кылуучу. Мурунку диндердин артыкчылыктарын топтогон эң толук жана эң артык болгон дин.
2. Ислам акыйдасы жеңил. Ал Аллах Тааланы жалгыз деп билүүгө, Ага ибадат кылууга жана Анын ыраазылыгына негизделген.
3.Ислам дини бардык элди бир акыйдага (ишенимге), бир шариятка жана бир кыбылага бириктирет.
4.Ислам дининде адамдардын бардыгы бирдей. Бир улуттун экинчи бир улуттан жана бир өңдүүнүн экинчи бар бир өңдүүдөр артыкчылыгы жок. Артыкчылык бир гана такыбачылык менен гана болот.
5. Ислам дини жалпы адамдарга маанилүү болгон нерсени коргойт. Алар: Дин, жан,
акыл, мал-мүлк жана урпак.
6. Ислам дининде акыйкат -негизги талап. Аллах Таала акыйкат, Анын дини акыйкат жана бардык акыйкат болгон нерсени ырастайт.
7. Ислам дини ибадаттардын эң улугун топтоп, алардын инсанга ылайыктуу болуусу үчүн ар түрдүү кылып койгон: Намаз, орозо, зекет жана ажылык.
8. Адамдардын арасында адилеттүүлүк өкүм сүрүп, эч бир адам зулумдук көрбөөсү үчүн Ислам дини адилеттүүлүккө эң маанилүү нерсе катары көңүл бурган.
9. Исламда оордук жок. Ал жеңилдик дини болуп, эч бир адамга күчү жетпеген нерсени жүктөбөйт.