Ичкилик-душмандыкка себеп болот

альбомдор

19/11/2026

Ичкилик-душмандыкка себеп болот

Аллах Таала айтты: «Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!»(Мааида:91)

 

Илимий акыйкат

Жаңы изилдөөлөр спирт ичимдикеринин узак убакытка ичүү себебинен мээнин көптөгөн борборун, айрыкча башкаруу үчүн жооптуу болгон алдыңкы кашка бөлүгүн иштетпей коерун аныкташкан. Ушул себептен улам, спирт ичимдиктерин ичкен адам тең салмактуулукту жоготуп,кыймылын башкара албай калат жана анда башкаларга карата кастык жана зордук-зомбулук мамилеси пайда болот.

Мужиза тарабы

Аллах Таала ыйык аятта ичкиликтин арамдыгын түшүндүрүүдө анын адамдардын арасында душмандык жана жек көрүүчүлүктү жайылтууга алып келерин айткан. Бүгүнкү күндө изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бул чындыкты тастыктап, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана ага көз каранды болуу үй-бүлөлүк зомбулукка жана башкаларга карата душмандык мамиле жасоого алып келерин ырастады.