Жатындардын жыйрылуусу жана кеңейүүсү

альбомдор

11/08/2026

Жатындардын жыйрылуусу жана кеңейүүсү

Аллах Таала айтты: «Аллах ар бир ургаачынын жатынындагыны жана анын (жатындын) жыйрылуу же кеңейүү өлчөмүн билет. Анын алдында баарынын өлчөмү бар.» (Раъд:8)

Илимий акыйкат

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, кээ бир түйүлдүктөр кош бойлуу аялдар сезбеген абалда түшүп калат. Алардын айрымдары овуляциядан кийинки алгачкы алты жуманын ичинде жатындын ичинде таркап жок болоору аныкталган. Ар бир мындай түйүлдүк жатындын түбүнө чөгүп, ал жерде таптакыр жок болуп кеткендиктен анын кичирейишине себеп болот. Бул көрүнүш «купуя бойдон түшүү», «бош кош бойлуулук баштыкчасы» жана «жоголуп бараткан эгиздер» сыяктуу ар түрдүү илимий аталыштарга ээ.

Мужиза тарабы

Аятта жатындын кичирейгени айтылып, муну түйүлдүкүн көлөмүнүн ки        чирейиши катары сүрөттөлөт. Аяттагы  «تغيض» сөзү так маанини түшүндүрүп, түйүлдүктүн түшүп калуусу жана жатындагы суюктуктун кургашы менен коштолгон кичирейүү маанисин камтыйт.