Арак –бул, оору, дары эмес
Аллахтын элчисинен аракты дарылык үчүн колдонуу тууралуу суралганда, ал : «Ал оору, шыпаа эмес!»- деп жооп берген. (Муслим)
Илимий акыйкат
Азыркы убакка чейин дарыгерлер спирт ичимдиктерин дары деп, аны ченеми менен ичүү ден-соолукка жардам берет деп айтып келишкен. Андан соң, илгерки мезгилде дарыгерлер ичимдиктин организмге көп пайдасы бар, анын ичинде тамакты сиңирүү, акылды курчутуп, боорду тазалайт деген сөздөрүн азыркы доордогу медицина четке кагып, анын тескерисинче ден-соолукка зыян экендигин ачып, ырастады.
Мужиза тарабы
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) хадистеринде алкоголдук ичимдиктер менен дарылоону тыйып, анын дары эмес, оору экенин айткан. Ал мезгилде дарыгерлерде ичимдик дары жана азык деген пикир үстөмдүк кылчу эле. Дарыгерлер мына ушундай пикирди ар кайсы кылымдарда карманып келишкен. Бирок, заманбап медицина пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) сөзү чындык экендигин ырастады.