Ай менен күндүн тутулуусу, Аллахтын аят-белгилеринен
Аллах Таала айтты: «Чындыгында, күн жана ай – бирөөнүн тирүү болгондугуна же өлгөнүнө байланыштуу тутулбайт. Бирок, ал экөөсү Аллахтын белгилеринен болгон эки аят-белги.» (Бухарий)
Илимий акыйкат
Заманбап илим күн менен айдын тутулуусу табийгый космостук кубулуш экенин баса белгилейт. Күндүн тутулуусу ай күн менен жердин ортосуна келгенде пайда болуп, күн нурунун жерге жетүүсүн бираз убакытка токтотот. Ал эми айдын тутулуусу, жер күн менен айдын ортосуна келип,анын көлөкөсү айдын бетине түшүп, аны караңгылатканда болот. Көбүнчө айдын толук тутулуусу болгондо, айды ачык кызыл түс каптайт.
Мужиза тарабы
Адамдар күндүн же айдын тутулуусу падышанын же улуу инсандын өлүмүнөн улам болот деген ишенип турган мезгилде, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) бул эки кубулуш табийгый түрдө Аллах Тааланын аят-белгилеринен болуп, адамдар түшүнгөн же ойлогондой кайсыл бир нерсе үчүн болбостугун баса белгилеген. Муну заманбап илим дагы ачып, ырастады.