Айлана-чөйрөнү сактоо

альбомдор

22/10/2026

Айлана-чөйрөнү сактоо

Аллах Таала айтты: «Жакшы жердин өсүмдүктөрү Алланын каалоосу менен чыгат. Кунарсыз жерге болсо аз нерсе чыгат .» (Аърааф:57)

Тафсир китептеринде мындай түшүндүрмө берилген: Топурагы жана суусу таттуу болгон шаарда жашылча-жемишер толук жана өз убагында өсөт.  Топурагы начар суусу туздуу болгон шаарда жашылча жемиштер аятта айтылгандай «накид» болуп өсөт. Бул-алсыз,пайдасыз жана аз дегенди билдирет.

 

Илимий акыйкат

Айлана–чөйрө боюнча заманбап илимий изилдөөлөр суу, аба жана топурактан турган экологиялык шарттарды жана тартипти коргоонун абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, булгануу жана чөйрөнүн бузулуу коркунучу тууралуу эскертет. Анткени анын натыйжасында топуракта өсүмдүктөр алсыз жана аз түшүмдүү болуп калат. Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо, анын бузулушуна жол бербөө максатында көптөгөн эл аралык конференциялар, семинарлар уюштурулуп, айрым келишимдерге кол коюдууда.

Мужиза тарабы

Жогорудагы аятта айлана чөйрөнүн булганышы проблемасын билдирип, анын кыйратуучу кесепеттери тууралуу эскертет. Ошондой эле ички маанисинде да чөйрөнү бузукулук,ыпыластыктан коргоо көрсөтмөлөрү камылган. Айлан-чөйрөнү коргоо маселелери, өзгөчө курчап турган чөйрөнү сактоо дүйнө жүзүнүн жана экологдордун түйшүгүнө айланды. Куран бул маселеге токтолуп, анын маанилүүлүгүнө басым жасап,кесепеттеринен эскертет.