Кара зире (тмин) бардык ооруга шыпаа

альбомдор

15/10/2026

Кара зире (тмин) бардык ооруга шыпаа

Аллахтын элчиси айтты: «Өлүмдөн башка бардык ооруларга кара зиреде шыпаа бар» (Бухарий, Муслим)

Илимий акыйкат

Акыркы убактарда ар кандай журналдарда кара зиренин пайдасы тууралуу ар түрдүү изилдөөлөр жарыяланды. Ал изилдөөлөрдүн көпчүлүгү кара зире бронхиалдык астма жана бронхит сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоодо,ошондой эле, ал рактын кээ бир түрлөрүн прогрессин басаңдатуу үчүн натыйжалуу экендигин тастыктады. Бирок бул жаатта жасалган эң маанилүү изилдөөлөрдүн бири 1986-жылы АКШ да жүргүзүлгөн изилдөө болуп, ал изилдөөдө кара зиренин иммундук системаны чыңдоодо оң таасири бар экендиги аныкталган.

Мужиза тарабы

Бул хадистеги мужиза-Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)  кара зиренин ар бир ооруга даба экендигин айткандыгы болуп, жаңы илимий изилдөөлөр да кара зиренин  иммундук системаны чыңдоого оң таасирин тийгизерин ырастап жатат. Ал эми күчтүү иммундук система оорулардын себептери менен күрөшүүдө  гана эмес, аны жок  кылууда да абдан активдүү ролду аткарат.