Тери ооруну өткөрүүчү
Аллах Таала айтты: «Акыйкатта, аяттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта, Алла Ызаттуу, Даанышман.»(Ниса:56)
Илимий акыйкат
Илимий ачылыштар дооруна чейин, дененин бардыгы ооруну сезет деген ишеним болуп келген. Териде ооруну жана башка сезимдерди нерв учтары бар экени, бул нерв учтары териде көп болуп, алардын аткарган кызматы жана анын маанилүүлүгү туурасындагы илим ачылганга чейин эч кимге белгисиз болуп келген.Териси жарым жартылай күйгөн адамдардан айырмаланып, териси толук күйгөн адамдар ооруну өткөрүүчү нерв учтары жараксыз болгондуктан эч кандай ооруну сезишпей турганын экспертизанын адистери аныкташкан.Ал эми экинчи даражадагы күйүктө бул нерв учтары ачылгандыктан алда канча катуу ооруйт.
Мужиза тарабы
Аллах Таала аятта оорунун орду тери экенин билдирген. Акыретте оттон кыйналган адамдын териси күйүп, бышып, өз түзүлүшүн жана функциясын жоготкондо, анын ордуна түзүлүшү толук жана өз милдетин толук аткарган жаңы тери менен алмаштырылат. Ал эми күйүү ысыгын жана азабын сезүү үчүн теридеги нерв учтары кайрадан өз калыбына келтирилет. Бул заманбап илими ырастаган акыйкаттын бири болуп саналат.