Тоолор сууну тазалайт

альбомдор

01/10/2026

Тоолор сууну тазалайт

Аллах Таала айтты: «Анын (үстүнө) Биз бийик тоолорду жайгаштырдык жана силерге таттуу сууну ичирдик.» (Мурсалат:27)

Илимий акыйкат

Булуттардын пайда болушунда жана жаан жаашында тоолор маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле, булуттан түшкөн суу атмосферада заводдордон жана транспорт каражаттарынан  чачылган булгоочу заттардын бир бөлүгүн өзүнө сиңирип алат. Бирок ошого карабастан суу жерге жетип,топурак жана таштардын ар кандай катмарларынан өткөндө, ал үчүн табийгый тазалоо процесси жүрөт. Ошентип, суунун тамчысы канчалык узак аралыкты аралап өтсө, ошончолук анын тазалыгынын деңгээли артат. Демек, бийик тоолорго түшкөн суу эң таза суулардан болуп саналат. Анткени, ал суулар бийик тоолордон узак аралыкты басып өтөт.

 Мужиза тарабы

Жогорудагы аятта тоолор менен аккан таза суунун ортосунда байланыш бар экени айтылат. т.а. булуттардын пайда болушу, жаандын жаашы жана суунун тазаланышында тоолордун ойногон ролуна ишарат кылынат. Бул нерсени учурда заманбап илим тастыктап, колдоодо.