Кара тешиктер
Аллах Таала айтты: «Жок! Жылдыздарга ант! Жашынма жылдызга,» (Таквир:15-16)
Окумуштуулар «Кара тешик» деп аталган жаңы жылдызды табышты. Алар башкалардан айырмалап турган жери-алардын тыгыздыгы жана интевсивдүү тартылуу күчү менен мүнөздөлгөн объектилер. Алардын туткунунан эч нерсе качып кутула албайт. Атүгүл жарыктын өзү да, ваакумдагы ылдамдыгы секундасына 300 миң километрди түзөт. Өлчөмү күндүн көлөмүнөн бир нече эсе чоң болгон бул алп жылдыздар катылган жана көрүнбөй тургандыгы жана космосто тез жылып, жолунда бардыгын, керек болсо жылдыздарды да шыпырып кетүүсү менен өзгөчөлөнөт. Ошондуктан алар гигант шыпыргылар деп аталат.
Мужиза тарабы
Кара тешиктер тууралуу жаңы ачылган илимий чындыктар Куран сөзүнө дал келет. Аяттагы (الخناس) сөзү «көрүнбөгөн» дегенди түшүндүрсө, (الجوار) сөзү «тез жүрүүчү», ал эми (الكنس) сөзү «алдынан чыккан нерсени шыпыруучу»-дегенди түшүндүрөт.