Берекелүү май
Аллах Таала айтты: «Анжир менен зайтунга касам!» (Тин:1)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) айтты: «Зайтун майын жегиле жана аны (денеңерге) сүрткүлө, анткени ал берекелүү дарактан.» (Тирмизий)
Илимий акыйкат
1986-жылы доктор Гранди өзүнүн изилдөөсүндө буга чейин кеңири тараган карама каршы болгон пикирден айырмаланып, зайтун майынын кандагы холестеролду төмөндөтөөрүн далилдеген.Андан соң зайтун майынын пайдасы боюнча изилдөөлөр улантылган. 1997-жылы дүйнөдөгү эң атактуу он алты медицина илимпоздору Римде жолугушуп, зайтун боюнча илимий изилдөөлөрдү карап чыккандан кийин зайтун майын колдонуу коронардык артерия, жогорку кан басымы, кант диабети жана кээ бир рак оорулары сыяктуу көптөгөн оорулардан коргонууга жардам берери тууралуу отчет берип, ырасташты. Андан кийин зайтун майынын пайдаларын тастыктаган изилдөөлөр байма-бай жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Мужиза тарабы
Аллах Таала зайтундун пайдаларын баса белгилеп ага касам айткан. Ошондой эле, Пайгамбар (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) аны жеп, майын сүртүүнү да сунуштаган жана зайтун дарагын берекелүү тактап айтканда пайдасы көп деп сыпаттаган.