Чаңдаштыруучу шамалдар
Аллах Таала айтты: «Биз чаңдаштыруучу (жамгырлуу) шамалды жөнөтөбүз жана асмандан силерге жаан жаадырабыз, силерди ошону менен сугарабыз. Анын казыналары силердин колуңарда эмес.»(Хижр:22)
Илимий акыйкат
Заманбап илим, шамалдын чаңчаларды ташуу процессинде, өзгөчө жыты, ширеси жана курт-кумурскаларды тарткан түсү жок гүл ачкан өсүмдүктөр үчүн маанилүү жана эффективдүү роль ойноорун аныктады. Алар чаң жана топурак аркылуу чачырап, жер бетине көтөрүлөт. Ошентип, шамал булуттардын пайда болушуна гана эмес, алардын чаңдалышына жана жаан-чачындын да маанилүү фактору болуп саналат.
Мужиза тарабы
Ыйык Куран аяты шамалдардын аткарган маанилүү бир кызматын билдирген. Ал өсүмдүктөрдү жана булуттарды чаңдаштыруу болуп саналат. -«Биз чаңдаштыруучу шамалды жөнөтөбүз» -Шамалдын бул функциясын адамдар 20-кылымдын башында гана ачкан. Тактап айтканда, шамал көтөргөн чаң жана топурак булуттардагы суу бууларынан топтолушуна өбөлгө түзүп, тамчылардын көлөмү чоңоет. Бул жагдай жамгырдын нөшөрлөп жаашына алып келет.