Адам топурактан жана суудан жаратылган
Аллах Таала айтты: «Анын белгилеринин бири – силерди топурактан жаратышы. Кийин силер адам болуп (жер бетине) таркатылдыңар.»(Рум:20)
«Ал инсанды суудан жараткан жана ага бир туугандарды жана жек-жааттарды берген. Эгең Кудуреттүү.»(Фуркан:54)
Илимий акыйкат
Жаңы илимий изилдөөлөр магний, калий,темир сыяктуу адамдын денесинде бар болгон бардык элементтер топуракта да бар экендигин тастыктайт. Адамдын денесиндеги суунун көлөмү да болжол менен 70% пайызды түзөт.
Мужиза тарабы
Бир эмес, көптөгөн аяттарда адамдын суу жана топурактан жаратылганы айтылат. Муну заманбап изилдөөлөр жана ачылыштар да тастыктап, адамдын денесиндеги элементтердин бардыгы топуракта да бар экендигин ырастайт.