Табийгый түрдө эмизүү баланы коргойт

альбомдор

18/08/2026

Табийгый түрдө эмизүү баланы коргойт

Аллах Таала айтты: «Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет.» (Бакара:233)

Илимий акыйкат

Жарым кылымдан бери уланып келе жаткан илимий изилдөөлөр эне сүтү баланын азыктануусу, ден-соолугу жана психологиясы үчүн эң жакшы жана эң пайдалуу жол экендигин көрсөтүүдө. Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмчек сүтү, өзгөчө төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрдөгү эненин сүтү баланы көптөгөн коркунучтуу оорулардан коргойт. Бул изилдөөлөр ошондой эле эки жыл бою эмчек эмизүүнү улантуу менен эмчек сүтүнөн толук пайда алуу мүмкүн экендигин көрсөтүп турат.

Мужиза тарабы

Жогорудагы аятта Аллах Таала момун аялдарды балдарын эмизүүгө багыт берип үндөгөн. Кээ биртафсирчилердин пикиринде эске салуу иретинде келиши(б.а. эмизгиле! –деген буйрук иретинде эмес, «эмизишет»-деп үндөө иретинде келген. Аллах Таала

Аялдар үчүн эки жыл эмизүү мөөнөтүн белгилеген. Бул мезгилди заманбап изилдөөлөр ырастап жатат. Ошондой эле бул изилдөөлөр эмчек сүтүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.


сүрөттөр жакында жүктөлөт..