Жер кичирейүүдө
Аллах Таала айтты: «Алардын жерине келип, ар тараптан кемиткенибизди көрбөйбү? Эгерде Алла бир нерсеге өкүм кылса, ага эч ким каршы тура албайт. Ал эсеп кылууда өтө тез.» (Раъд:41)
Илимий акыйкат
Геологиялык изилдөөлөр жердин азыркы формасын ар кандай этаптардан өткөнүн көрсөтүүдө. Жердин пайда болушунун алгачкы көлөмү азыркы көлөмүнөн 100 эсе көп болгон. Андан кийин ал бүгүнкү күндөгү көлөмгө жеткенге чейин кичирейген. Кичирейүү дагы деле уланууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй жердин массасынан жыл сайын миң тонна жоготкондугун көрсөтүп жатат. Жанар тоонун атылышы,жердин газ жана буу менен жарылып кетиши жана салыштырмалуу кийинекей бөлүкчөлөрдүн жердин тартылуу күчүнөн чыгып космоско чыгышы сыяктуу уланып жаткан жоготуулардан улам жер өзүнө карай ар тараптан кичирейип баратат.
Мужиза тарабы
Куран аятында жердин азайып, кичирейүүсү тууралуу эч кимдин оюна келбеген убакта айтып койгон. Бүгүнкү күндө ар түрдүү заманбап изилдөөлөрдөн кийин геологдор жердин милларддаган жылдар бою кемип,азайып келе жатканын аныктап чыгышып, Курандын укмуш кереметтеринен бири ачыкка чыкты.