Жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана тынчтык табат
Аллах Таала айтты: «Ыймандуулар – Алланы эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Алланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.» (Раъд:28)
Илимий акыйкат
Акыркы изилдөөлөр жана тажырыйбалар адамдын ыйманга болгон тенде циясы табийгый тенденция экенин жана адамдын акыл-эси динчил болууга ылайыктуу түрдө пландаштырып даярдалганын баса белгилейт. Жаңы техникалар аркылуу мээге жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн кыскача тыянагы мындай: Аллахка болгон ыйман туура табиятынан алыстабай туруп,андан кутулуу мүмкүн болбой тургандай пландалып, адамдын мээсине жайгаштырылган. Изилдөөлөр ошондой эле Аллахка багынуучулук (хушуъ)менен кылынган ибадаттын адамдын денесине жана психологиясына оң таасирин тийгизээрин көрсөтүүдө.Анын таасирин лабароториялык ыкма менен да салыштырып көрүүгө болот.
Мужиза тарабы
Ыйык Куран ушул аяттагыдай, адамдарды Аллахка ыйман келтирүүгө жана Өзүнө гана ибадат кылууга кайра-кайра чакыруусу жана бул нерсе адам үчүн бакытка, бейпилдикке алып баруучу ошондой эле бактысыздыктан, азап-кайгыдан кутулуучу жол экендигин бүгүнкү күндө тастыкталып жатат. Ал боюнча жасалган теориялык жана лабароториялык изилдөөлөр Курандын кереметин жана даанышмандуулугун ачык далилдеп жатат.