Күн –жарыктык булагы, ай жарыкты чагылдыруучу

альбомдор

14/07/2026

Күн –жарыктык булагы, ай жарыкты чагылдыруучу

Аллах Таала айтты: «Асманда топ жылдыздарды жасап, анда чыракты (күндү) жана жарык берүүчү айды Жараткан улук болду!»(Фуркан:61)

«Жаркыраган чырак  жасадык.» (Набаъ:13)

Илимий акыйкат

Астрономдор  Күндү өзүнөн өзү энергия чыгаруучу жылдыздардын катарына кошушат. Анткени ал энергияны өзүнүн ички бөлүгүнөн алат. Анын жарыгы (отуну) жогорку басым, тыгыздык жана температура шарттарында атомдук аралашмадан турат. Ал эми ай өзүндө жарыгы жок болуп, күндүн нурун чагылдырган караңгы асман телосу катары классификацияланат.

Мужиза тарабы

Ыйык Куран аяттары күн менен ай жөнүндө сөз кылганда, жаркыраган жылдыз менен караңгы асман телосунун ортосундагы так айырмачылыкты көрсөтөт. Анда күндү өз энергиясы менен күйүп, өз жарыгын чыгарган чырак деп сыпатталат. Ал эми ай болсо, жарык болуп сүрөттөлөт. Башкача айтканда, ал күндөн алган жарыктын нурларын ички отун булагысыз чагылдырат. Бул чындыкты бүгүнкү күндө бардык астрономдор ырастайт.