Орозо тутуу-алдын алуунун жана дарылануунун эң жакшы жолу

альбомдор

07/07/2026

Орозо тутуу-алдын алуунун жана дарылануунун эң жакшы жолу

Аллах Таала айтты: «Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшыраак.»(Бакара:184)

Илимий акыйкат

Орозонун ден-соолук үчүн көптөгөн пайдасы бар. Ал иммундук системаны бекемдейт, топтолгон майларды эритүүгө өбөлгө түзөт жана семирүү менен байланышкан жүрөк-кан тамыр ооруларынан, мисалы, жүрөк жетишсиздигинен, инфарктан, тамырлардын бүтөлүүсүнөн жана атеросклероздон коргойт. Орозо бөйрөктө таш пайда болушунан да сактайт.Анткени кандагы натрийдин көлөмүн көбөйтүп, кальций тузунун кристаллдашуусуна тоскоол болот. Ошондой эле организмдеги клеткаларда жана териде топтолгон токсиндердин айрыкча жасалма жана узак мөөнөттүү тамак-аш жана дары-дармектерден улам келип чыккан зыяндардан коргойт.

Мужиза тарабы

Аятта орозо кармоонун адамдар үчүн жакшы экендиги айтылат. Анын жакшы болуусу эч кандай шарт менен чектелбестен, абсолюттук түрдө билдирилгендиктен, ал жакшылык ар түрдүүчө болот. Орозонун ден-соолукка болгон пайдасынын айрым жактарын изилдөөлөр жана клиникалык сыноолор аркылуу жаңы гана ачылып жатат. Бул изилдөөлөр орозо кармоонун ден-соолукту сактоодот да, ооруларды дарылоодо да көптөгөн пайдалары бар экенин көрсөттү. Мындай жыйынтыктар ислам шариатынын даанышмандуулугун дагы да ырастап жатат.