Мисвак-оозду тазалоочу каражат
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) айтты: «“Эгерде менин үммөттөрүмө (же: адамдарга) аткаруу оор болбогондо, анда, мен аларга ар бир намаздын алдында мисвакты колдонууну сөзсүз буюруган болоор элем!” (дагы бир риваятта: «ар бир даарат алган учурда»-деп айтылат.) (Бухарий; Муслим).»
Илимий акыйкат
Ооздо микробдор (оралдык бактериялар тобу) деп аталган көптөгөн типтеги микробдор жашайт. Алар узак убакыт бою ооздо өсүп, көбөйүп кетсе зыян алып келет. Заманбап лабораториялык изилдөөлөр араак таякчасынан жасалган жашыл мисвактын курамында көп пайызда таниндер бар экенин тастыктап жатат. Ал тиштин каноосун токтотуп, аларды бекемдөөгө жардам берет. Изилдөөлөр мисвактын курамында жыты кескин, даамы ачуу жана микробду жок кылуучу зат бар экендигин аныктады.
Мужиза тарабы
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) ар бир намаздын алдында жана даарат учурунда мисвак колдонууну катуу сунуш кылган. Акыркы изилдөөлөр мисвактын көп пайдасы бар жана ооздогу микробдорду жок кылуучу таасирге ээ экендигин көрсөттү. Натыйжада пайгамбарыбыздын мисвак колдонуу тууралуу айткан күчтүү насааттарындагы даанышмандык ачыкка чыкты.