Көрүүүдөн мурда угуу
Аллах Таала айтты: «Айткын: «Ал силерди жоктон бар кылып, силерге угуу, көрүү жана туюуну жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар!» (Мулк:23)
Илимий акыйкат
Угуу системасы эмбрионалдык абалында өнүгүп, көрүү системасына чейин эле калыптанат да түйүлдүк эненин курсагында бешинчи айында эле үндөрдү уга баштайт. Бирок жарыкты жана сүрөттөрдү жарык дүйнөгө келгенге чейин көрбөйт. Ошондой эле угууга керектүү болгон бүт нервдер жана мээдеги угуу борбору көрүүгө таандык көрүү борборунан көп убакыт мурун өнүгүп жетилет.
Мужиза тарабы
Курандагы адамдын жаралуусу жана пайда болуусуна байланыштуу бардык аяттарда эч бир өзгөчөлүксүз көрүүдөн мурда угуу тууралуу биринчи айтылат. Заманбап илимдин негизинде да бул нерсе капыстан максатсыз болуп калбагандыгы айкын болду.Чындыгында бул, Куран мужизасы болуп, адамзат аны кийин гана аңдап, билип отурат.