Аллах Тааланын бал аарысына вахий кылуусу

альбомдор

16/06/2026

Аллах Тааланын бал аарысына вахий кылуусу

Аллах Таала айтты: «Эгең бал аарыга: «Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал» – деп буюруп, «ар түр- лүү өсүмдүктөрдөн жеп, Эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!» – дедик. (Аллах) аарынын ичинен түрлүү-түрлүү балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мын- да да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар». (Нахл:68-69)

Илимий акыйкат

Окумуштуулар бал аарынын мээсинде чоңдугу бир төөнөгүчтүн башынан ашпаса да, болжол менен бир миллион клетка бар экендигин жана бул мээнин ар клеткасынын ичинде жогорку тактыктагы программа бар кичинекей бир компьютер деп сыпаттоого боло турган нерсе бар экендигин айтышат. Дал ошол программа аарыга өз кызматын аткарууда багыт берип, миссиясы -бир гана азык топтоп, бал чогултууга программалашкан макулук сыяктуу.Окумуштуулар мындай кубулуш тууралуу мындай дешет: «Бал аарылары  аныкталган мындай билимге адамдар сыяктуу үйрөнүү менен ээ болушпайт. Тескерисинче, аарынын мээсиндеги клеткаларда комплекстүү бир программа бар жана ал программа бал аарыда миллиондогон жылдардан бери бар.»

Мужиза тарабы

Куран аятында Аллах Тааланын аарыларга вахий кылып, өз кызматын аткарууга жол көрсөтүп багыт берүүсү тууралуу айтылат. Заманбап изилдөөлөрдүн натыйжалары дагы аарынын кереметтүү жаратылгандыгы, анын жүрүм-туруму, азык топтоп, бал жасоого болгон умтулуусун ачыктап жатат.