Жылдыздардан темирди түшүрүү

альбомдор

09/06/2026

Жылдыздардан темирди түшүрүү

Аллах Таала айтты: «Ошондой эле Биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар.» (Хадид:25)

Илимий акыйкат

Жердеги (анын кыртышындагы) темир асмандан түшүрүлгөнү илимий жактан далилденген. Бул чындыкты окумуштуулар 20-кылымдын акыркы 50-жылдарынын аягына чейин аңдашкан эмес. Окумуштуулардын айтымында жерден табылган темир жер бетине майдаланып жамгыр сыяктуу жааган Кызыл гиганттар сыяктуу жылдыздардын  ичинде пайда болгон. Алар күндүн диаметринен 15 тен 45 эсеге чейин жеткен жана жарыгы болжол менен күндөн жүз эсе же андан көпкө барабар болгон жылдыздар.

 Мужиза тарабы

Ыйык аятта темирдин түшүрүлгөнүн тастыктаган. «Биз темирди түшүрдүк...» Ал эми заманбап илим муну 50 жылдардын аягында гана аныктап, ачып жатат.