Оттун келип чыгышы
Аллах Таала айтты: «Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү? Анын дарагын силер жараттыңарбы, же Жаратуучу Бизби?!» (Ваакиа:71-72)
Илимий акыйкат
Жашыл дарак күндүн энергиясын алат жана аны фотосинтез аркылуу өзүнүн структурасында сактаган химиялык энергияга айлантат. Андан кийин ал отундун башка түрлөрүн пайда кылуу үчүн негиз болуп калат. Ошондуктан ал кургаганда жыгач жана отун болот. Ал эми жасалма жол менен көмүргө айланса, өсүмдүк көмүрү, ал эми табийгый жол менен болсо, таш көмүр болот. Андан мал жесе, денесинде майлуу затка айланып, өлгөндөн кийин белгилүү бир шартта мунайга жана ага жанаша газдарга айланат.
Мужиза тарабы
Ыйык аятта оттун келип чыгышы жана анын булагы дарактар экени айтылган. Отту тутандырууга жарактуу жыгач, май, көмүр,нефть жана табийгый газдын бардыгы от жагууга жарактуу болуп, алардын негизи болуп өсүмдүк жана дарактар болоорун заманбап илимдин фактыларына дал келип, тастыкталды.