Жеп-ичүүдөгү ченемдүүлүк
Аллах Таала айтты: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.» (Аърааф:31)
Илимий акыйкат
Заманбап изилдөөлөр семирүү жана ашыкча жеп-ичүү, тамак сиңирүү кыйынчылыгы жана ашказан жарасы сыяктуу көптөгөн ооруларга себеп болоорун аныктады. Мындан тышкары, адамдын кыймылын чектеп, өндүрүшүн азайтып, зат алмашууну бузат. О.э. майдын топтолушу көбөйгөндүктөн, эндокриндик көйгөйлөрдү жаратат.
Мужиза тарабы
Аятта Аллах Таала пенделерине жеп-ичүүдө орточо болууга буйруп, ашыкча ысырапкорчулуктан эскерткен. Заманбап изилдөөлөр да ысырапкорчулуктун жана анын натыйжасынан келип чыккан оорулардын кооптуулугун ырастап, Ислам дининдеги көрсөтмөлөрдүн даанышмандуулугун ачыктап жатат.