Чычаң сөөк чирибейт

альбомдор

06/05/2026

Чычаң сөөк чирибейт

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)  айтты: «Адамдын баласынын (денесинин) бардыгын топурак жейт, (чирийт) бир гана *ажбуз-занаб* деген чычаң сөөгү чирибейт. Адам Кыямат күнү кайрадан ошол сөөктөн жаралат"».(Муслим)

Илимий акыйкат

Эмбриологдор «баштапкы тилке» уруктануунун он бешинчи күнү пайда болгондон кийин эмбриондун катмарларынын жана органдарынын, өзгөчө нерв системасынын пайда болушуна натыйжалуу салым кошоорун аныкташкан. Андан кийин жип кичирейип , артка ийилип,анын касиетин сактап, омуртканын түбүндөгү чычаң жерге жайгашып калат. Окумуштуулар жаныбарлардын «алгачкы жип» тилкелерин майдалоо жана күйгүзүү аркылуу эксперимент жүргүзүшкөндө андай тажырыйба алгачкы жип клеткаларына эч кандай таасир тийгизген эмес жана алар тирүү абалында өз функциясын аткарып жатышканын байкашкан.

Мужиза тарабы

Пайгамбар (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) хадисте : Адамдын баласынын жаралуусу омуртканын  төмөн  жагындагы *ажбуз-занаб* деген чычаң сөөгүндө толукталып, кыямат күнү кайрадан ошол сөөктөн жаралаарын жана жок болуп кетпей турган, чыдамдуу экендиги тууралуу маалыматты окумуштуулардын узакка созулган, ар кандай изилдөөлөрдөн кийин ачып жатат.