Көздү төмөн алуу мээни сактайт

альбомдор

21/04/2026

Көздү төмөн алуу мээни сактайт

Аллах Таала айтты: «(Эй, Мухаммед!) Момундарга айткын: “(Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин  (аягы суюктук кылуудан) сактасын.  Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Алла эмне жасагандарынан Кабардар!» (Нур:30)

Илимий акыйкат

2013-жылы Кембридж университети жүргүзгөн изилдөө порно тасмаларды көрүү жана аны улантуу мээнин маанилүү бөлүктөрүн жок кылаарын аныктаган. Ошол эле учурда окумуштуулар мындай тасмаларды көргөндөрдүн мээси алкоголдук ичимдиктерди жана бангизаттарды колдонгондордун мээсиндей иштээрин аныкташкан.

Мужиза тарабы

Ыйык аятта Аллах Таала момундарга көздөрүн төмөн алууга буюрган жана аларды уяттуу жерлерге жана арам нерселерге кароодон эскерткен. Заманбап илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы ыйык Курандын бул эскертмелерин колдоп, уяттуу фильмдерди көрүү жана адамдардын авратын кароонун зыяндуулугун ачыктады.