Адамдын жаралуу этаптары

альбомдор

14/04/2026

Адамдын жаралуу этаптары

Аллах Таала айтты: «Биз инсанды тандалма чоподон жа- раттык. Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жай- гаштырдык. Андан соң тамчыдан уюган кан жараттык, ую- ган кандан бир үзүм (бир чайнам) этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыктысы Аллах улук болду!». (Муъминун:12-14)

Илимий акыйкат

Окумуштуулар түйүлдүктүн жаралуудан баштап калыптануу аяктаганга чейин ар кандай этаптарды басып өтөөрүн аныкташкан. Бул процесс энелик бездеги тирүү сперматозоиддердин уруктанышы менен башталат. Андан кийин уруктанган жумуртка биринчи жуманын аягында жатын катмарында (эндометрийде) илинип турган «бластоцистага» айланат. Бул фазада «мудга» фазасы башталат. Ал алтынчы жуманын акырына чейин уланат. Андан кийин дене катуу  этабы башталып, арка массалары айкын болуп,башы тулкудан айырмаланып, буту-колдору пайда болуп, андан соң эт жана булчуңдар менен капталат. Ошентип, эмбрионалдык деп аталган этап

сегизинчи жуманын аягында бүтөт. Андан кийин, тогузунчу жумада төрөлгөнгө чейин улана турган дагы бир фаза башталат.  Ал фазада дене толукталып, түзөлөт. Ал –кош бойлуулук фазасы деп аталат.

Мужиза тарабы

Мындагы мужиза керемет-заманбап илим өзүнүн куралдарын жана каражаттарын иштеп чыккандан кийин жакынкы убакта тапкан синтез этаптары менен жогорудагы Куран аяттарында айтылган урук, эмбрион, сөөктөнүү жана башка дененин түзүлүүсү сыяктуу синтез этаптарынын ортосундагы толук дал келүүсү чагылдырылган.