Булуттардын кабат-кабат болуп биригүүсүнүн этаптары

альбомдор

05/04/2026

Булуттардын кабат-кабат болуп биригүүсүнүн этаптары

Аллах Таала айтты: «Карабайсыңбы:  Чындыгында, Аллах булуттарды  айдайт да, анан алардын ортолорун бириктирип, аларды кабат-кабат кылат. Ошондо булуттун араларынан жамгыр төгүлгөнүн көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар (булутту) тоолордон түшүрөт да, ал аркылуу каалаган пендесине апаат алып келип, каалаганынан  буруп кетет. (Көрбөйсүңбү:)  Чагылгандын жаркылдагы көздөрдү алып кете жаздаганын!» (Нур:43)

 

Илимий акыйкат

Метеорология өнүгүп, заманбап приборлорду колдонуулан кийин окумуштуулар түрмөк булуттарынын пайда болуу этаптарына байкоо жүргүзүшкөн. Алар шамалдын чачылган майда булуттардын бөлүкттөрүн айдап бир нече километрге жеткен түрмөктү пайда кылганын байкашкан. Алар бийик тоолор сыяктуу абалга келиштет. Алар ошондой эле булуттун бул түрүн коштогон аба ырайынын чагылган, күн күркүрөгөн добуштар, жаан-чачын жана мөндүр сыяктуу кубулуштарын байкашкан.

Мужиза тарабы

Окумуштуулар жакында ачкан түрмөк булуттарынын пайда болуу этаптары жана алар менен коштолгон кубулуштар жөнүндө фактыларга жогорудагы аятта: «айдайт», «бириктирет» ,«кабат-кабат кылат» жана «жамгыр төгүлөт»-деп ишарат кылынган.