Чымын алып кеткен нерсени кайтарып алуу мүмкүн эмес

альбомдор

31/03/2026

Чымын алып кеткен нерсени кайтарып алуу мүмкүн эмес

Аллах Таала айтты: «Эгер чымын алардын бир нерсесин алып качса, андан аны куткарып да кала алышпайт. Анткени  кубалаган да, кууган да алсыз .» (Хаж:73)

Илимий акыйкат

Чымындардын тамакты ашказандын сыртында шилекейи менен бирге бөлүп чыгарган ферменттер аркылуу сиңирип, андан соң аны суюктук катары сиңирүүсү илимий жактан далилденген. Мисалы бир кесим тамакка конгондо, ал тамактын курамындагы углеводдорду жана башка азыктарды сиңирип ала турган секреция бөлүп чыгара баштайт. Андан соң эритмедеги тамакты тамак сиңирүү системасына жөнөтөт. Чымындын конгон нерсесинен алган затын кайра кайтарышы мүмкүн эместигин кылдат илимий изилдөөлөр далилдеди.

Мужиза тарабы

Куттуу аятта «андан аны куткарып да кала алышпайт»-деп ачык баяндап жатат.