Сөөктүн жаралышы эттин жаралышынан мурда болот.
Аллах Таала айтты: «сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк.» (Муъминун:14)
Илимий акыйкат
Илимий изилдөөлөр түйүлдүктүн сөөктөрү эт жана булчуңдардан мурун жаралып, андан соң алар менен капталарын далилдеген. Адистердин айтымында, кырк экинчи суткадагы «мудга» баскычынан кийин түйүлдүккө өзгөчө адамдык форма берген кемирчек скелет түзүлө баштайт.Андан кийин сөөктөрдүн айланасына эт жана булчуңдар капталат. Сөөктөрдүн эт менен жабуунун таасири сырткы көрүнүшүндө байкалып, дене мүчөлөрү бири-бирине симметриялуу түрдө байланышат. Кийинки этап мурунку этаптан ички жана тышкы көрүнүшү боюнча айырмаланат.
Мужиза тарабы
Түйүлдүктүн сөөгү эттен мурда жаралуусу тууралуу чындыкты алгач Ыйык Куран ырастаган. Ал эми буга чейин үстөмдүк кылган карама-каршы божомол пикирдин жаңылыш экендиги азыркы доордо айкын болду.